— Советбек ага, быйылкы жыл президент тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп белгиленди. Кыргызстанда саясый маданиятуулук да башкы маселе экени жашыруун эмес. Деги эле саясый маданияттуулук дегенди сиз кандай түшүнөсүз, мындай сапаттарга ээ болуу үчүн кандай аракеттерди көрсө болот?
— Албетте, саясый маданияттуулук ар бирибизге керек. Мен Кыргызстандын жаранымын деген ар бир адам саясый маданиятка ээ болушу керек. Саясатта жүргөндөрдө, өздөрүн элита эсептегендерде карапайым адамдарга салыштырмалуу жогорку деңгээл болушу керек. Алар мыйзамдарды, саясый маселелерди чемичкедей чаккан, этика илими менен дипломатияны үйрөнгөн, моралдык жактан таза, айткан сөзү менен кылган иши дал келген инсандар болушу кажет. Эл алардан сөз менен иштин айкалышын күтөт. Алар элге үлгү болушу керек. Сабырдуулук, акылмандык жүрүм-турумдун терең мотивациясы болушу кажет. Чоң саясатта жүргөндөр сынды кабыл алганды билип, ага татыктуу жооп бериши керек. Улуттун кызыкчылыгын, анын келечегин өздөрүн элита эсептегендер эстен чыгарбаса.
— Бизде ушундай сапаттагы саясатчылар барбы?
— Эми биздин саясатчылардын маданияты дагы өркүндөөнү талап кылат. Кыргызстандагы саясатчыларда биз күткөндөй бийик маданият болбой жатат. Алар өзүнүн саясый маданияттуулугун өстүрүү жагынан иштеши керек. Өзүн өзү өстүрүү дегенди колго алышы зарыл.
Азамат Кангелдиев