Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 14-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 14-серия

253

Ошентип, кызматка өлүм аркылуу жеткен Сатар колдоочусуна таянып каалаганын кыла баштады: карагай кыйылды эсеби алынбай, акчага марый баштады, көңүлүнө төп келбеген кызматкерлерди кызматынан кичирейтет, кээсин таптакыр айдап жүрөк үшүн алып турду. Ойлогону, самаганы май кескен бычактай кетти, бул жердеги токойчулуктун «ханы» болду да калды! Баса, беш-алты жердеги кокту-коктуга бөлүнгөн токой башчыларын алмаштырып, башкаларын чектеди эле, ошол башкалары жөн келбей ырызыңке менен «арчындалган» акчадан оголе арбын ала келет экен, кээси «бир жылкы тиякта оттоп жүрөт» дейт экен… Мында бир марыды. Мурунку катчы кызын кетирип суйкайган жапжаш кызды катчы кылды, каалаган күнү аны пайдаланып коет… Борбордогу досуна этти эттей, акчаны акчадай жеткирип турат. Аз өтпөй Кубатбектин бүлөсүнө тоодон үй берип, алар турган үйгө бүлөсүн көчүрүп келди. Бүлөсү ошол — жалгыз аялы. Уулу менен кызын болсо, айыл жакта  жакшы билим жок деп борбордо окутат экен, бир тууган карындашыныкына жаткызып, баарын камдап берип.

Ошентип, үйүн көчүрүп келди. Ана эмесе, өрүлүктөгөндөн күн куру эмес, токойчусу, кантордо отурганы, шоопуру менен трактирчиси, кароолчусу менен малчысы, райжетекчилердин бир катары, кошуна-колоңдору, туугандары, кайын-журту… Тандалбай келибатышты, аялы тынбай узатып атты, алардын аброю менен кызматына жараша. «Бу заман ырас эле заман экен, өрүлүктөгөндөр кызылдай акча алып келет экен…» деп ичтен кайрып аялы кудуңдап бүтө албайт. Ооба, акча арбын болду: жеген-ичкени менен, өрүлүк-сөрүлүгү менен, карагай-кайыңы менен дегендей… Кыргыз акчасы американыкына айлантылып борбордогу банкка салынып турду… баласынын атына, аялынын атына, карындашынын атына… Кийин бирдеме болсо, «мына мен деген таза иштегендиктен итке минген кедеймин» дебейби… Ар кайсы токойчуда, башка жердеги үч-төрт досунда жылкылары, уйлары менен койлору багылып жатат. Отузга чыкса да ордун таппай жүргөн инисин бир токой тилкесине жумуш жасабаган жумушчу кылып орноштуруп, ал жыйырмадай кой, эки-үч уй багат, мине турган аттуу кылган. Акырындап олтуруп аны көп малдуу кылмак. Мал өзүнүкү болот да… Ошол жердеги чакан сарайды далай жыл иштеген бир жумушчуга каттатып менчик кылып да алды. Мына ушунун баарын эки жылга жетип-жетпей бүтүрдү. Элдин дүнүйөсү жетип берет турбайбы, беш кол эмес, беш жүз кол салсаң да… Карагай каат учур ага толгон адамды дос кылды, катышынан баш адашат. Кызыгың кур эй, жумада жети күн болсо сегиз-тогуз ирет мейманга чакырылган учуру көп.

Сатар билбеген балээ жок, «эмесин» алып райакимге да, прокуратура менен милийса башчысына да, «а балким» деп туруп соттун төрагасына да кирип чыкты. Киргенде кол алышып амандашса, чыкканда кучакташып коштошту. Кайран акча, адамдардын мээсин айландырып,керек болсо кууратып да бүттү го: досту кас кылган да, касты дос кылган да ушул акча, тууганды душман кылган да, душманды тууган кылган да ушул акча, жакшылык менен жамандыкты бирдей тартуулаган да ушул акча, бүтчү ишти бүтүрбөй, бүтпөс ишти бүтүргөн да ушул акча. Оо, кудуреттүү акча, адамзатты алып түшөсүң го, акыр түбү…

* * *

Сатар деректир болгондон көп өтпөй сексенден өткөн энеси каза болду. Өзүнөн ашса ашып, алды кем калбаган эки агасы бар эле, куру намыстын кулу, чогулуп эки жылкы, эки уй, беш кой союп узатышты энесин. Кемпир коюлду, келгендер этке карк болду. Биртоптон бери эт жей элек бу айылдын карапайым адамдары кемпирдин убагында өлүп бергенине чын дилден ыраазы болуп кетишти. Берки агаларын ким билди, Сатардын катыштары конверттен-конверт карматып жатты. Кандай болгондо да тааныштары, катыштары толугу менен келалбайт экен.

Кийинки чыккан жосунсуз салттардан улам бир ресторан же кафеге куран окутулат. Кадимкидей эле бир жылкы, эки-үч кой союлат. Стол үстү бай киши той бергенден кем эмес даярдалат. Бешбармакка чейин чай, ысык тамактын бир-эки түрү берилет. Бу жолу баары келет. Өлгөнгө мурун барганы да, барбаганы да келет. Акчанын көбү ушул жерде берилет, конвертте «баланча-5000 сом» же «түкүнчө-500 доллар» деген жазуу болот. Кийин анын жакындары өлсө, дал ошол сумма, кээде ашык, кайра кайтарылат. Жосунуң жолдо калсын дейт мындайды, колунда жоктор же андайды жактырбаган аз сандагы адамдар…  баш болуп, облус тараптан да бар, борбордон да бар дегендей… Суксуңдаган молдо куран окуду. Анан жемге кирген койдой болду, уулун адегенде ак сүтүнө, эми акчасына тойгузуп турган кемпирди эстеген жан жок. Ар кимиси менин атам же энем ушинтип жакшылыкка өлүп берсе экен деп тилеп, ата-энеси кичине кызматтагы кезинде өлүп кеткенине жаны кейип, өкүттө болуп, карып калган ата-энелүүлөр «кудай буюрса, ушу быйыл кетип берсе» дегенден тилеп тарап кетишти. Сатардын энеси бир чет элдик жакшы машинага жеткидей акча түшүрүп, уулуна өлгөндөн кийин да «сүтүн» эмизди. Кызматы барлардын энелери өлгөндөн кийин да «эмизет»…

* * *

Салкын түшкө чейин жаны тынбай оокатын жасап, эми эле диванга жантайган, телевизор көрсөмбү же уктап алсамбы дебаткан. Аңгыча ит үрүп, машинанын үнү угулду. Салкын сыртка чыкты. Апасы машинадан түшүп жанындагыга:

-Жүрү, бир чыны чай ич,- деди эле, тиги адегенде рахматын айтып, анан үйдөн чыккан жаш чүрөктү көрүп чай ичкиси келип кетти. Машинасынан түштү.

Салкын муну тааныйт, атасынын ордунда иштеген Сатар деген киши. Үйдү ушу киши берген деп апасы көп айтат. Тигилер үйгө кирип, Салкын чайын коюп, үстөлүн белендеди. Чай бат эле кайнап, кыз чай сунду. Апасы бир аз кызуу. Сырткы үйгө чыгып кайра кирди:

-Салкынтай, бир арак боло турган эле…

-Кечээ Төкөр байкелер келген, ошолор ичти.

-Аа, мейли анда… — Турдукан «ка-ап» дегендей болуп кайра олтурду.

-Мага убара болбо, анын кереги жок, жумуш чачтан көп…

Анын чын эле бүгүн жумушу көп болчу. Бир жумадан кийин борбордон баягы досу баш болгон үч-төрт конторчу кишилер келмек. Бир балакет командировка деп үч-төрт конуп, эс алып кетмек. А балким, ууга чыгышы да мүмкүн. Аларды дал ушул жерде эс алдырмак болгон Сатар  Төкөргө тапшырма бергени келатса, чоң жолдун бул тарапка кетчү бурулушунда Турдукан турган экен, айла жоктон сала келип жатпайбы. Анан көргөн эркек сугунуп жиберчүдөй болгон татына кызын  көрүп, «чай ичип» жатпайбы. Маселе ушундай.