Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 13-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 13-серия

458

Кубатбек келгенден кийин деле Сатар менен Турдукан эки-үч ирет кезигишти. Кандай болсо да Кубатбекти ишинен жаңылтыш керек, бирок жолун таппайт. Ал бөөдө жерден бирөөнө катуу айтпаган  жан экен, же акча жебейт экен, анан да эч кимден колдон келген жардамын аябайт. Ошондон улам анын чарбасында иштегендердин баары тегиз жакшы көрөт, катуу сыйлайт.

Кубатбекти жаңылтканга Сатар баштап койгон иш кырсык болуп келди. Тиги үчүнчү чоң дос бир ирет Сатарга телефон чалып, «баланчанчы күнү комиссия жиберем, айтпай барып басат, дал ошол күнү тиги иште жок болсо же, эң жакшысы, мас болсо, кызуу болсо…» деген.

Ошентип, эртең комиссия келет деген күнү Сатар кечке жуук Кубатбектин кабинетине кирди.

-Кел,- деди Кубатбек орун көрсөтүп.

-Келдим. Жөн-жай эле… Бош элесизби?

-Айта бер, тоскоол кылчу иш деле жок.

-Бир аз капа болуп… Анан сизге четин чыгарып жеңилдеп алсамбы дедим эле…

-Ии, эмне болду анчалык?

-Өтө деле эмес… Айтышым кыйын болуп турат, Куке. Бирдемем бар эле, менин кабинетиме барбайлыбы?

-Бу жерге апкеле бер.

Жумуш күнү бүтүп калган, катчы кызы «саламатта калыңыз» деп эшиктен башбагып кетти.

Сатар кабинетине учуп жетип, түштө эле камдап койгон эки арактын бирин, ышталган тоокту, тандыр нанды, помидорду, бөтөлкөдөгү сууну баштыгы менен көтөрүп жетип келди. Сатар Кубатбек бирдеме дегенче болбой чогулуш өтчү столго гезитти каттай салып, үстүн жайнатып салды да шыпылдай бөтөлкөнү ачып арактан куюп, нан сындырып, тоокту үзгүлөп жиберди, төрт-беш кесим чучугу да жүрөт. Сатардын сунушу менен экиден удаа алышты. Чучук сугунушту, тооктон желди нан-саны менен.

-Ии, эмнеге капа болдуң эле?- деди Кубатбек бир маалда.

-Ай,-деди Сатар өзүн өлжүрөтө берип,- баягы эле аялдын мамилеси…

-Ии,- деп кызыга калган Кубатбек өз аялын эстей кетти.

-Мен биякта жүрсөм, тиги тиякта, оозум барбайт… — Сатар аябай күйүп турган түр көрсөтүп арактан куйду, үшүкүрүгү таш жарып жатат. -Келиңиз, алып жибереличи.

Алышты. Азга кызый түшкөн Кубатбек:

-Жигит бол, Сатар, анча капа болбо, а балким жөн гана ушактыр,- деди.

-Билбейм, Куке. Ушак болсо жакшы болбойт беле… -Сатар дагы куйду. Ичишти. Ошону менен бөтөлкө түбүнө түштү. «Меникичи… меники сообу эмне? Мас болуп алып менин көзүмчө канча эркектин мойнуна асылбады, мен жокточу… Жок, меники деле соо эмес…» деп ойлонгон Кубатбектин жини келе түштү. Ал аялына эмес, ошондой абалга жини келет.

-Куйчу алдагыдан.

Бөтөлкө түбүнө түшүп калган.

-Азыр. – Сатар аткан октой кетип, экинчи бөтөлкөнү алып келди. Эсептеп алган да.

Дагы бирден алышты. Эми Сатардын «капасы» Кубатбекке өттү. Ата-энесинин, досунун айткандары эске келди. Аялынын эркектерге жабышкан окуялары биринин артынан экинчиси элестелип турду…

Экинчи бөтөлкө да бат эле түгөндү. Ошондо Кубатбек:

-Жүрү, биротоло бүтүрөлү,- деп ордунан турду. Айда-жылда бир ичсе да кээсинде катуу ичип салчу. Ошонусу кармады. Бирок, бир жакшы жери эртеси улантпайт.

Шоопурунун иши чыгып суранып кеткендиктен Кубатбек кызмат машинасын өзү айдап жүргөн. Экөө бу райборбор четиндеги чакан кафеге келип бирди бөлө тарткандан кийин Кубатбек мас болуп калды. Ага баса куюлуп жаткан да. Сатар болсо, эби менен ичкенге маш, таптакыр эле мас болбойт, көп ичсе деле көтөрө берет.

Сатар Кубатбекти машинасына чейин колтуктай барып олтургузду да өзү мындай чыга берди. Тиги бир нерселерди айткан болуп машинасын от алдырды да зыр койду. «Эми эртең ишке чыкканыңды көрөйүн» деп Сатар калды мыйыгынан күлүп. Тилегин кудай бере баштады көрүнөт…

* * *

Сатар бул жерге которулуп келгени көчүп келе элек болчу. Бир бөлмөлүү квартирада турат. Аялы тез-тез келип үйдү тазалап, кийимдерин жууп, тамагын жөндөп кетет. Аялы кечээ келген, үйүндө болчу.

Эртеси аялынын тамак ич дегенине карабай жумушуна эрте жөнөдү. Буюрса, бүгүн комиссия келет, анан тиги иште жок болсо же түндөгүсү тарабай алагүү болуп келсе, эң сонун болбойбу! Өзүнүн жолу ачылат. Кубатбек үчүн бир чоң жаңылыштык болот. Анан дагы бир ушул сымал окуя болсо эле… А балким, бүгүнкүсү эле жетип берер ишинен ыргыганга…

Баарынан эрте келатам деген Сатар кеңсеге жакындай берип, короодо топтошкон элди көрдү. Бу эмне, э кокуй, өзү жокто комиссия келип калганбы? Шаша басты. Баары эле өздөрүнүн кишилери экен. Алар менен кол алыша саламдашып жатып сурады:

-Деги тынччылыкпы?

-Кубатбек байке терек сүзүптүр…

-Аманбы деги?

-Каза болуп калыптыр, ооруканадан.

Сатар чочуп кетти, жүрөгү кабынан чыга жаздады. Кубатбектин өлүмү ага бир тыйын эле, ушул себепкер болду деген жоопкерчиликтен коркту. Кечээкини элестетип, талдап  жиберди. Экөөнүн ичкенин эч ким көргөн эмес, кирип баратканда  катчы кыз бар болчу, тамак-ашты алып келгени чыкса, кетип калыптыр. Эмне, кирип бир ишти айткам да кете бергем десе ким эмне дейт? Кароолчу деле көзгө илинген эмес, чарбанын башка имараттарында жүрсө керек. Кафеде болсо, үч-төрт эле киши олтурган бейтаныш. Сатардын санаасы аздап басылып, эл менен кошо «катуу капа болуп» турду. Жок, алардан аша капа болуп, көздөн жаш чыгарып да алды. «Орун басардын ою жаман дечү эле, бул болсо чоңунун өлгөнүнө ыйлап жүрөт» деп айтчулар болор деген да оюна келип жатпайбы… бу «дурус таланттуу» шүмшүктүн.

Эки күндөн кийин Кубатбектин сөөгү жерге берилди. Аны коюп келип боз үй тегеректей өкүрүп жоктогондо Сатар ээсинен айрылган иттей улуду дейсиң, баарынын зээнин кейитти. Ушундай да берилген кызматкери болот экен ээ, жан бирге?! Атаңдын көрү, баары эле ушундай кызматташтарына берилген, күйгөн  жигиттерден болсо кана…

* * *

Ошону менен Сатар Кубатбектин ордуна олтурду. Баса, комиссиясы өлүмдүн үстүнөн чыгып же текшербей, же сый көрбөй кайра кеткен. Сатар деле сыйлап алмак, бирок, өлүм болуп жатса, кайдагы сый?..