Домой Саясат Текебаев моюнга алган кылмышты Салянова танабы?

Текебаев моюнга алган кылмышты Салянова танабы?

145

100645_w300_h207_crop Канкор президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин башкы юристи Алексей Елисеевди кыргыз эли абдан жакшы билет. Бакиевдин доорунда дал ушул эргулдун көзүн май басып, эч кимди көзүнө илбей, Максим досуна таянуу менен каалаганын жасаган. Кыргыздын байлыгын тоноп, Бакиевдердин тартып алган мүлктөрүн мыйзамдаштыруу менен алек болгон. Керек болсо Елисеев эл шайлаган депутаттардын бетине “түкүрүп”, аны сындаган эл өкүлдөрүн мазактаганга чейин барганын баары көргөн.

2010-жылы эл көтөрүлүп, канкор Бакиевдер куулганда Елисеев да артын карбай качкан. Ага УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөө жарыяланган. Элдин баары Елисеев баштаган еврейлерге кыжыры кайнап, ачуусун тыя албай турганда Аида Салянова деген юстиция министри тымызын анын адвокаттык лицензиясын узарткан экен. Бул иш жакында эле ачыкка чыгып, Аида айымга кылмыш иши козголгон. Эми ал бир айдан бери ар кайсы шылтоону айтып сот ишин созуп келет.

prix cialis 20 mg. Салянова 18-августтагы сот отурумда бети кызарбай туруп өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп атаптыр. Кыргыз аялдары арасында мынчалык бети жок катын буга чейин чыкпаса керек. Бир эмес үч мамлекеттик орган тарабынан кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган кылмышкерге лицензия берүүнү кылмыш эмес деп ким айта алат? Керек болсо Салянова пир туткан Текебаев деле камалар алында бул ишти мыйзам бузуу деп атабады беле. Текебаев моюнга алган кылмышты Салянова танып каяка барат?!

Соттор Салянованы аял, жаш баласы бар эне деп аяп жаткандай. Бирок, “бооруң ооруса боорго тепкен” мындай адамдарга кечиримдин мүлдө кереги жоктой. Колун бурап туруп камап салса жарашат экен. Батукаевди парламенттен коргоп, ал чыгып жатканда аны мыйзамдуу деген Саляновадан дагы эмнени күтөбүз?! Бекназаров деле жашыруун тасмасында “Мегаком” боюнча ушул Салянованы тыгыш керек экенин айткан турбайбы. Андыктан ырайымды билбеген мындай аялдарга мыйзам чегинде катаал жаза колдонуу керек.