Домой Саясат Куса болгон кызынын жытына мас болгон Аида Салянова

Куса болгон кызынын жытына мас болгон Аида Салянова

58

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан эле.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө жылып кеткен.