Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берди делген Аида Саляновага чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды.
Жогорку Соттун маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2021-жылдын 23-мартындагы адвокат Рабига Садыкованын Аида Салянованын кылмыш ишинде жаңы пайда болгон жагдайларга байланыштуу кылмыш ишинин өндүрүшүн кайра жандантуу өтүнүчү жарым-жартылай колдоо тапткан.
2017-жылдын 10-октябрындагы Ленин райондук сотунун, 2018-жылдын 7-февралындагы Бишкек шаардык соту жана 2018-жылдын 22-майындагы Жогорку Соттун Аида Саляновага карата чыгарылган өкүмү жокко чыкты.
Эске салсак, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага карата кылмыш иши 2016-жылдын 26-декабрында козголгон. Анда Башкы прокуратура жана УКМК экс-Юстиция министри Салянова 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин издөгө алынган Алексей Елисеевдин адвокаттын лицензиясын мыйзамсыз калыбына келтирип берди деген айыптаган.
Андан кийин Аида Саляновага карата криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча дагы кылмыш иши козголгон.