Юстиция министрлигинин экс-орунбасары Жылдыз Мамбеталиева ошол кездеги министр Аида Саляновага Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу долбоорун өзү жеткиргендигинин себебин 3-июлдагы сот отурумунда кенен түшүндүрдү.
Жылдыз айым мындай чечимге өлкөдөгү саясый кырдаал жана Елисеевдин жеке адамдык сапаты түрткү болгонун билдирди. “Эгерде ошол учурда өлкөдө кырдаал башкача болгондо лицензия жалпы тартипте жаңыланмак. Кырдаалды эске алып жана министрлик мамлекеттик мекеме болгондон кийин-чечимдер министр тарабынан кабыл алынгандыктан мен бул боюнча ага билдиргем”,-деди Мамбеталиева.
Сөзүн андан ары улаган Ж.Мамбеталиева лицензияны жаңылоо квалификациялык комиссиянын функциясына кирбестигин кошумчалады. “Буйрук алдын ала башкармалык тарабынан даярдалат. Ал эми адвокаттын өздүк иши министрдин орун басарына жана министрге киргизилгенде буйрук өздүк ишинде тиркелүү болот. Бул процедуралык маселе, лицензиянын материалдарсыз макулдашылганы практикада жок”,- деген экс-аткаминер Аида Салянова өзүн ошол буйрукка кол кой деп шаштырганын баса белгиледи.