Домой Саясат Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы: “Сооронбай Жээнбеков чарбачыл, тажрыйбалуу жетекчи экенин...

Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы: “Сооронбай Жээнбеков чарбачыл, тажрыйбалуу жетекчи экенин далилдей алды”

59

      633520.1.1460607650 (1)

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер болуп катталганына байланыштуу премьер-министрлик кызматын өткөрүп берди. Кезегинде бул кишинин бир жылдык ишин парламент депутаттары да жактырып, жогорку баасын берди эле. Жеке өзүңүз эл өкүлү катары Жээнбековдун 1,5 жылдык өкмөт башчылык ишине кандай баа бересиз?

— Сооронбай Жээнбеков иштин көзүн билген, ар бир жердин көйгөйлөрүн чече билүүнүн жолун өздөштүргөн тажрыйбалуу, мамлекетчил, чыныгы чарбачыл жетекчи экенин көргөздү. Бул кишинин 1,5 жылдык өкмөт башчылык доорунда баардык социалдык көйгөйлөр жолго коюлуп, чечилүү жолуна түштү. Өзгөчө мектеп маселесинде, өлкөбүздүн аймагындагы тээ 2006-2007-жылдары курулушу башталып, бирок бүтпөй, ара жолдо калган мектептердин курулушун бүткөрүп, ага удаа жаңы мектептер салынып, бала бакчаларды куруу маселесин чечип берди. Мындай кадамдары аркылуу Сооронбай Шарипович чыныгы иш билги инсан экенин далилдей алды. Жеке өзүм да эл өкүлү катары ар убак региондорго чыгып, эл аралап жүргөндүктөн карапайым калктын көпчүлүк бөлүгү Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдиришип, жетекчи катары анын тазалыгын, элге чын пейилинен кызмат кылып жатканын баса белгилеп айтып жатышкандарына өз көзүбүз менен күбө болуп жатабыз.

— Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликтен кеткен кадамын кандай баалайсыз? pharmacies los algodones.

— Албетте, ал өзүнүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарын таштап, шайлоого катышкан баардык талапкерлер менен бирдей, тең укукта президенттикке аттанып жаткандыгын жигиттик  деп койсок болот. Мунун өзү анын адилеттүүлүктү тутунуп, калыстык позицияны тандап алгандыгы катары кабылдайбыз. Ыйман жолундагы өзүнүн тазалыгына ишенген адам гана ушундай жолду тандайт эмеспи.