Домой Аналитика Таза эмессиңби, сасыбай жөн жат!

Таза эмессиңби, сасыбай жөн жат!

212

Кудая тобо дейли, мамлекетибизде тынччылык. Биракта, «тентек саясатчылардын» айынан «ушундай болбой койсо эмне» деген ойду жаратчу окуялар биринин артынан экинчиси тизилет. Бийлик бутактары өз алдынча кыбырайт, жегени жеп жатат дегендей…

сасык саясат

Ооба, ошол өз алдынча кыбыраганы үчүн мамлекеттин атынан биримдиктүү иштер жүргүзүлбөй жаткандай. Бийликтин тең жарымы Жогорку Кеңештики болгону менен ал тараптын элге карата майнабы көрүнбөй турат. «Жогорку Кеңеш өз милдетин так аткаруунун ордуна ушактын ордосуна айланды» деп өткөндө президент катуу айтты. Анысы бар. «Ушактын ордосуна» айланды дегенди толугу менен колдобосок да ал жерде «сасыган» иштер арбын болуп жатат. Четинен чертсек, бири-бирине компромат айтуу, майда-барат маселени эзе берүү, жеке кызыкчылык үчүн ар кандай алымсыз сунуштарды көтөрүү, жеке өзүнө керектүү министрлерге кошомат айтуу, баарын билип тургансып дайны жок эле адыраңдай берүү, элге көрүнүш үчүн дайынсыз сүйлөө… Ушунча болуп мамлекетибиздин кубаттуулугун арттыруу үчүн кайсы бир маселени  «кызылчеке» болуп талкуулап турган Жогорку Кеңешти элестете албай койдум… Билген адамга Жогорку Кеңеш деген ыйыктын ыйык жери, бийлик ошол жерден башталат, бар жакшылык ошол жерден тарашы керек эле, бар тарбия ошол жактан чыгышы керек эле… Азыр андай болбой турат, тарбия бермек турсун, тескерисинче, элдин шылдыңына кабылып жатат! Акылына карабай, акчасына карап тандалган Жогорку Кеңеште башка кандай кебете болмок?! Баарынан кызыгы ушул болуп турат: «бизди деген эл шайлаган, артыбызда калдайып калкыбыз турат» деп азыркы депутаттар кадимки эле эл шайлаган депутат боло калганда күйбөгөн жериң күл болот. Өтө эле жөнөкөйлөштүрүп айталычы- депутаттарды эл шайлаган эмес, тиешелүү партиянын лидери ар кимдин акчасына карата шайлаган. Ушинтип айтсак туура болор. Мындан башка вариант жок. Ошол жерде олтурган позициясы менен оппозициясынын деле айырмасы жок, аралаш «күлала» болуп жатканы…

Кийин келип берген  дүйнөдө кандай гана мамлекет болбосун бийликтин алашемдиктерин көрсөтүп турган оппозициясы бар. Цивилизиациялуубуз деген көп мамлекеттерде ошол оппозиция конструктивдүүлүк жолунан тайбай аракет кылып, чындыгында эле бийликке тийген жардамы дааналанып турат. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө оппозиция деген ушул экен деп, анын толук маңыз-мазмунун билбей эле «эрежесиз эр уруш» көрүнүшүндө болот. Дал ушундай көрүнүш биздин кенедей Кыргызстанда болуп жатканы. Оппозиция дегендин мыктылыгы ушул- ал бийликте тургандардын кемчиликтерин даана көрүп турат, экономикалык, социалдык абалга туура баа берип, аны оң жолго салууну да билет, алар ошол бийликке бийлик талашпай туруп жардам бергиси келет, бийлик талашпай туруп бийликтин кемчиликтерин оңдоого өбөлгө түзөт.  А биздеги оппозиция түз эле бийликти алгысы бар. Бийликти алгандан кийин мамлекетти жакшы жол менен алып кете алабы, ал жөнүндө ойлогон киши жок, иши кылып бийликти колго алыш керек! Азыркы оппозициянын бийликти колго алууга ниети күч болгону менен, аны андан ары кандай жол менен алып кетүү планы жок.

Дагы бир орчундуу маселе, оппозиция деген биринчи иретте таза болуш керек. Ошондо гана алардын айтканын, жасаганын калың эл колдоп берет. Ал эми өздөрү мурун тазалангыс болуп булганып алган болсо, эл аларга эгерим ишенбейт. «Койчу ошону» дегени эң жумшак мамиле… Айталы, азыркы оппозицияда Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев,  Равшан Жээнбеков, Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматов жана башкалар бар. Бекназаров 2010-жылдагы революциядан кийин күч структураларын карап, Башкы прокурор болуп каалашынча тоюнуптур го… Далай соттор азыр да зыркырап айтып берет дейт. Бекназаровдун революциядан кийин тапкан байлыгы адам санап бүткүс деп жатпайбы! Ушу Бекназаров эр экен, каалашынча тоюп алды да «эми каалашыңарча сындай бергиле» деп кенен-кесир басып жүрбөйбү… Чынын айтсак, Текебаев дасыккан саясатчы болуп тынды. Ал далайды көрдү, демократиянын орношу үчүн көп күч жумшады. Бирок, ошентип иштеп жүрүп кайсы күнү өзүнө өзү биротоло ишенип, өзүн оголе күчтүү сезип, көп нерсени тоотпой, «мен гана мен» деп  калганын билбей да калды. Оппоненттерине сөз тандабай багыштап, ийкемдүү жол тандабай камандай качырганга өттү, жаманбы, жакшыбы президентти бучкагына теңебей калгандык жакшылыкка кайдан алпармак?! Ошол жолунда миллиондорду жеп, дагы да жегенге аракет кылып жүрүптүр го… Эми камакта жатат, өзүнө өзү кылды, «өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» дегенди эч кимибиз унутпашыбыз керек экен… Жээнбеков жапжаш туруп Акаевдерге ченемсиз кошомат кылып, алардын «илибой» жерине кирип кетип, миллиондогон байлыкты топтоптур. Эми ал элге «акылдын тазасынан» айтып жүрбөйбү. Бу жигитте уят-сыйыт деген  жок экен го! Азгантай  жигитчилиги болсо, «кудай өзү колдосун» деп үн катпай үйүндө жатмак… Салянова Башкы прокурор болгондо баарыбыз кубандык эле. Кээ бирибиз бу кызыбызды президент көрүп жатканбыз… Бирок, ошол ишинде байлык топтогон жолду унуткан эмес экен, эми аздан чубалып жатат. Күйөөсү коррупционер болуп, агасы адам өлтүрүүгө шектелип жаткандан кийин, бул айым  да үлбүрөп үйүндө жатыш керек эле, азыр болсо «бет тырмарлык» кылып жатканы… Шыкмаматовду «Наполеончик» деп коюшат экен. Чынында Наполеон тарыхта орду бар белгилүү адамдардан го. Анан бул Шыкмаматовдун улуу кол башчыныкына окшогон таланты болсо, аны элдин кызыкчылыгы үчүн иштетсе болмок…

Азыр оппозициямын деп жүргөндөрдүн баары баскан жолунун бир жеринде «бузулуп» койгондор экен. Аты эле аздыр -көптүр таанылып калган оппозиционерлердин бири дагы таза эмес!

«Эшегине жараша тушагы» деген маани бар. Ошол мааниден алганда бийлик тараптагылар деле сонун болуп кеткен жок. Эптеп бир кызматка илинип алып, дароо жеп кирген окуялар азыр батпай кетти. Анан бир кызык көрүнүш да- бир жерден иштей албаган адамды экинчи бир жерге которуп коюшат. Муну иштин өлгөнү деш керек!  Айтып жатып «апенди» да болуп бүттүк- мамлекетибиз корруцияга чырмалып бүттү. Ооба, мурунку эки бийликке караганда бу бийлик корруцияга каршы аябай катуу күрөш жүргүзүп жатат, нечен бир кол тийбес деген адамдар жоопко тартылды. Бул аябай жакшы. Бирок, коррупционерлер азаймак турсун көбөйүп жатканы кандай! Жомоктогу бир башын кессе, дагы бир башы өсүп чыккан жети баштуу желмогуз  коррупция түрүндө турмушубузга келип берди!

Азыркы жетекчилерди карасаң көбүнүн тажрыйбасы жок, жерден чыга калып эле ошол кызматка баргандай. Илгери кызматкерлер кызматтын бардык тепкичтерин басып, анан идиреги бар болсо, жогорулачу эле. Эми көкмээнин баары кызматта. Мээси иштегендердин колдоочусу менен акчасы жок, эптеп тирдигин кылат! Баам салыңызчы, азыр кайсы министр, кайсы губернатор же деректир, ж.б. эл оозуна алынып иштеп жатат? Андайлар жок. Баары эле иштеген түр көрсөтүп, чөнтөгүн кампайткандын жолунда!

Бүгүнкү күндө «баланча министрликте коррупция күчтүү, түкүнчө министрликте коррупция андан күчтүү» деп расмий түрдө эле айтылып гана тим болбостон, коррупция кандай жолдор менен ишке ашканына чейин айтып, схемасын чийип көрсөтүп да жатат. Анан анысы белгилүү болгондон кийин ошол тарапты тазалабайбы, эмнени күтүп олтурушат?! Тазалабайт, анткени¸ биринчиден, «тазалагычтар» өздөрү таза эмес, экинчиден, шаасы жетпейт! Жегендердин шеги билинер менен кызматтан алып, жоопко тартып, чоң жегендерди атып турса, бир нерсе чыгар эле. Азыркыдай абалда ар кимдин эле жегиси келет да. Каалашыңча же, анан бир аз камакта жат, ошондон соң баягы жегениңдин аз-мазын берип туруп бошонуп кет. Келдибеков менен Түлеев ошентпедиби… Экөө чын эле эрдин эри экен! Мына эми шапар тээп жашап жатат!

Ооба, бийлик менен оппозиция тирешип турат. Эки тарап тең эле кыргыздын балдары. Жатчу жерлери бир… Анан бул эки тарап азыр катуу кармашып, бири-бирине жамандык каалап, а турсун өлүм санап  турушканы трагедия го бир! Бул жолдон кайтыш керек. Ар кимдин алдында Улуу Өлүм деген барын унутпайлы!

Баратбай Аракеев