Солтон-Сарыда чогулган эл жол тосуу үчүн ылдый түшө баштады. «Азаттык» радиосунун кабарчысы билдиргендей, Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна сегиз боз үй тигилди.
Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта чыккан.
Ошол күнү чыккан чырдан компаниянын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.
Кытайдын «Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.
Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып жүрөт. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлыгы 20-25 миң сомду түзөт.