«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты. Келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 300 миң сомдон ашты.
«Убактылуу импорт» бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды тариздөө боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында «Нарын» бажысынын кызматкерлери «А. X.» ЖЧКсына 2018-жылы «LIEBHERR R 914» маркасындагы сүзгүчү бар чынжыр дөңгөлөктүү экскаватор – товары келгенин жана убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөнүн аныкташты.
Бажы органынан алынган маалыматка ылайык, аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин аймагында жайгашкан.
Аталган ишкана ЕАЭБ Бажы кодексинин 29-главасынын талаптарын аткарбоосу менен Кыргыз Республикасынын бюджетине айып туумдарын кошуп 1 314 588 сом өлчөмүндө зыян келтирген.
Бул факты КБР АДС МКЖга каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.