Жеке ишкер Улан Бакасовдун демөөрчүлүгү менен, «ДЭУ 8» жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана айыл элинин бирге көргөн арекетинин натыйжасында, Нарын-Таш-Башат унаа жолу толук жасалып пайдалуулуга берилди.
Жалпы 20 километр жолго шагыл төшөлүп, оңдоо-түздөө иштери эки айдан ашык убакытка созулган.