Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылында 20 жылдан бери таза суу көйгөйү орчундуу маселе болуп келген.
Себеби, буга чейин ичип жүргөн булак суусу ден соолукка аябай зыяндуу болгонуна карабай пайдаланууга туура келчү.
Эми Улан Бакасовдун демөөрчүлүгү менен бул айылды түйшөлткөн маселе толугу менен чечилип, айыл тургундары кубанып турган чагы…