Домой Коом Кочкор районунда 2023-жылда алгылыктуу иштер аткарылды

Кочкор районунда 2023-жылда алгылыктуу иштер аткарылды

100

2023-жылы республикалык бюджеттен төмөндөгү иштер аткарылды:

— Ара-Көл айылына 57 666,1 миң сомдук 150 орундуу орто мектептин курулушу аяктап, 2023-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилди.

— Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы 150 орундуу орто мектептин курулушу 54502,1 миң сомго толук бүткөрүлүп, 2023-жылдын 19-октябрында пайдаланууга берилди.

— Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы 275 орундуу орто мектептин курулушуна 30-декабрга карата 77 212,2 миң сом акча каражаты которулуп, азыркы учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

— Кара-Суу айылынын Ш.Рысмендиев атындагы 375 орундуу мектептин курулушу 119601,9 миң сомду түзүп, 2023-жылдын 30-декабрына карата 17328 миң сом акча каражат которулуп, курулуш иштери жүрүүдө.

— Шамшы айылына Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 15,972 млн долларга 3,8 млн м3 суу сактоочу жай каржыланып “Шамшы” БДРинин курулуш иштери жүрүп жатат. БДРдин курулуш иштери аяктаса, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн 1704 га жер аянты сугат суусу менен камсыз болот.

— Тарыхый инсан Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата республикалык бюджеттин эсебинен 36845,8 миң сом каржыланып, Кочкор айылынын борборунда жайгашкан Ормон Хан паркы толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Мындан сырткары 18217,7 миң сомго — М.Садыков атындагы стадион капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 5425,1 миң сомго асфальт төшөлдү. Ошондой эле Нарын облусунун Тенир-Тоо өнүктүрүү фондунан 7197,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 2 319,5 миң сом каралып, Семиз-Бел айылына “Ормон Хан ” ордосу курулуп, эстелиги орнотулуп, брусчатка төшөө жана газон жаткыруу, жашылдандыруу жана айланасын тосуу иштери толук жүргүзүлдү.

— Кочкор райондук аскер комиссариатынын имаратынын курулушу 2023-жылдын Капиталдык Салымдар беренесинин курулуш титулуна киргизилип, эскилиги жеткен имаратты бузууга жана салына турган имаратка жалпы сметалык баасы 110 000,0 миң сомго тендер жарыяланып “Аскер курулуш” утуп, бүгүнкү күнгө 10 000,0 мин сомго курулуш иштери жүрүүдө.

— Дөң-Алыш айылына таза суу системасы 12 734,6 миң сомго курулду.

— Чолпон айылынын таза суу системасын реабилитациялоого 43 605,0 миң сом каржыланып, иштер жүрүп жатат.

— Жаңы-Жол айылынын таза суу системасын реабилитациялоого 45 385,0 миң сом каржыланып, 60 % жумуш аткарылды.

— Ак-Талаа айылына 150 орундуу жаңы орто мектептин курулушуна “Зи АР Строй” ЖЧКсы тендерден 96 280,4 миң сомго утуп, этабы менен иш жүрүп жатат.

— Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы мектеп гимназиясын жаңы салуу боюнча жалпы сметалык наркы 264 768, 223 миң сомго “Иверия” ЖЧКсы тендерден утуп, курулуш иштери башталды.

— Райондук жалпы дарыгердик практика борборунун аянтын оңдоп-түздөө иштерине жалпы 17 309,3 миң сомго тендерден утуп, бүгүнкү күндө 14000,0 миң сомдук жумуштар аткарылды.

— Кочкор-Коммунизм автожолунун 1+500 чакырымында жайгашкан Чу дарыясы аркылуу өтүүчү авариялык абалдагы көпүрөгө 75 695 352 миң сомго келишим түзүлгөн. “Д.Алканов” атындагы №955 жол тейлөө ишканасы менен “АЙАЛ Строй” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына тиешелүү №1 жол куруу башкармалыгы аркылуу ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө 5 млн сом акча каражаты которулуп, акыркы учурда 3 даана свай ашырылууда куруу иштери аткарылып бүтүп, жалпысынан 12 даана свай курулду. Бул курулуш иштерине буюртмачы (заказчик) болуп эсептелген жол чарба департаментинин №2 регионалдык бөлүмү көзөмөл жүргүзүүдө.

— №14-ЖТИ тарабынан 2023-жылга республикалык бюджеттен 27050,0 миң сомдук иштер аткарылды. Мунун ичинен Сары-Булак-Арчалы-Оруктам авто жолунун 14-17 чакырым аралыгына асфальтобетон аралашмасын төшөө жумуштары аткарылган.

 

2023-жылы демөөрчүлөр тарабынан төмөндөгү иштер аткарылды:

— “Катар Черрити” кайрымдуулук фонду тарабынан Мантыш айылына 104 000,0 млн сомдук курулуп жаткан социалдык шаарчанын ичине 30 үй-бүлө жашай турган турак үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, кичи футболдук аянтча, тигүүчү цех, жана ФАПтын курулуш иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын август айында ачылуу пландалууда. Социалдык шаарчанын курулуш иштери аяктап, ишке берилсе, райондогу аз камсыз болгон 30 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.

— “Катар Черрити” кайрымдуулук фонду тарабынан Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылына наркы 3200,0 миң сомдук ФАПтын курулуш иштери аяктап, ачылуу алдында турат.

— “Катар Черрити” кайрымдуулук фонду тарабынан Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Башы айылына наркы 3800,0 миң сомдук ФАПтын курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

— “Катар” кайрымдуулук фонду тарабынан Төлөк айылына наркы 2800,0 миң сомдук мечит 100 пайыз курулуп бүтүп, ачылуу алдында турат.

— Араб Мамлекетинин өкүлү демөөрчү Наср Ибрахим Альхужейлан тарабынан Кум Дөбө айылына 3000,0 миң сом каржылап, айыл өкмөтү тарабынан 300,0 миң сом өздүк салым которулуп берилип, ал эми жергиликтүү калк тарабынан 1000,0 миң сомдук эмгек акыны түзгөн жардам берилип, жалпы 4300,0 миң сомго ҮДТ салынды.

Мындан сырткары Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен АРИС аркылуу Кочкор, Большевик, Кара-Тоо жана Молдо-Кылыч айылдарына таза суу системасын куруу иштеринин жерлери такталып, тендерлери жарыяланып, бүгүнкү күндө “Метаг Иншаат Тижарет” түрк фирмасы утуп, иш башталуу алдында турат.