Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында жаңы футболдук аянтча ачылып, айыл жаштарынын кубанычында чек жок.
Жаштардын, айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси жана Улан Бакасовдун колдоосу менен үч ай ичинде заманбап үлгүдөгү футболдук аянтча салынып, пайдаланууга берилди.
Эске салсак, бул аянтчаны салууга кеткен чыгымдардын 80%ынан ашыгын Улан Болотбекович каржылап берген.