Домой Спорт Нарын шаарында Эрназарга ак боз ат, Алибекке кара жорго мингизишти

Нарын шаарында Эрназарга ак боз ат, Алибекке кара жорго мингизишти

903

Нарын шаарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмоновду жердештери салтанаттуу тосуп алышты.

Спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, балбандарга жана алардын машыктыруучуларына «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана ар бирине беш миң сомдук сертификаты тапшырылды. Ошондой эле, Эрназар Акматалиев «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы жаан 10 миң сомдук серификат, Алибек Осмонов 20 миң сомдук сертификаты, ыраазычылык каты менен сыйланды. Мындан тышкары Чет-Нура жана Жерге-Тал айыл ѳкмѳттөрү тарабынан 20 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Иш-чарада Нарын районунун Орто-Нура айылынын эли Эрназарга ак боз ат, Нарын шаарынын жаштары Алибекке кара жорго мингизишти.

Спортчулар тосуп алган элге ыраазычылык билдирип, алтынга жетпей калганына бир аз капаланып турганын билдиришти.

«Дүйнөлүк чемпионатка алтын алам деген максат менен баргам. Бирок коло медаль буюрган экен. Алтынга жетпей калганыма бир аз ичим ачышып жатат. Бирок коло да болсо Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиреткениме өтө кубанычтамын», — деди Алибек Осмонов.

Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль алган.

булак: turmush.kg