Домой Коом Анжелика: “Биздин №1 примадоннабыз – Гүлнур Сатылганова. Видеону көрдүм, ал бир ай...

Анжелика: “Биздин №1 примадоннабыз – Гүлнур Сатылганова. Видеону көрдүм, ал бир ай мурун болгон окуя”

30

Бүгүн, 30-октябрда ырчы Анжелика өзүнүн Инстаграм баракчасына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын түн ичинде мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган окуя боюнча өз ой-пикирин жазды.

Анын айтымында, бул бир ай мурун болгон окуя.

“Биздин №1 примадоннабыз – Гүлнур Сатылганова. Ар дайым жакшы сөзүн бизге арнап, батасын берип, шоу-бизнестин жаштарынын жакшылыктарында төрдүн көркүн ачып, баарыбызга тегиз караган, элибиздин сүйүктүү Эл артистине сөз тийгизбейбиз.

Баарыбызга чоң сабак болду. Жаңы эле ал видеону кокустан көрүп калдым. Көрсө, бир ай мурунку окуя экен. Кайгуулдун мактанаарлык көрсөткүч видеосу ушундай болдубу? Атайлап азып чыгаргандарын. Эх… жакшы нерсе эч айтылбай, бизде жаман нерсе эле бат жайылчу болду” – деди Анжелика.

Эске салсак, социалдык тармактарга КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалган видеотасма тараган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган.

булак: Kyrgyztoday