Домой Коом “Энекем менин бейишим — 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору уланууда

“Энекем менин бейишим — 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору уланууда

128

Саид Баюми жана энекелер

Кыргызстандын бардык аймактарында апалардын эл аралык майрамын утурлай “Энекем менин бейишим – 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору уланып жатат. Алгач Ысык-Көл, Нарын облустарында башталган иш-чаранын алкагында томолой жетим жана кароосуз балдарды баккан турмуш-шарты оор 20дан ашуун энеге материалдык жардам көрсөтүлдү. Иш-чарага Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюми катышып апаларды жаз майрамы менен куттуктап, айрым апалардын көйгөйлөрү менен таанышты. Ысык-Көл районунун Кашат айылында болуп өткөн жолугушууга райондун акими Райимбек Имангазиев да катышып, 150 атасыз балдарга кезектеги жөлөк пулдарды тапшырышты. Ал эми 24-февраль күнү ушундай эле иш-чара Нарын облусунда уланып ага облустук администрациянын аппаратынын жетекчиси Дүйшеев Жаныбек жана Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев, Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Теңир-Тоо аялдар конгрессинин жетекчиси катышышты. Теңир-Тоо аймагынан жөлөк пул алган балдардын баары келген коноктордун колунан таттуу белектерди жана 5 миң сомдон алышты. Бүгүнкү күндө Нарын облусунан 200гө жакын балдар тизмеге кирген.

“Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган жаш өспүрүмдөр жакшы жашоо кечирүүлөрү үчүн аларга аяр мамиле жана жакындан колдоо көрсөтүү, алардын опекундарына моралдык жана материалдык жардам берүү ассамблеянын башкы максаттарынын бири”, — деп белгиледи Саид Баюми.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2000ге чукул атасыз балдар БДЖАнын эсебинен ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, мектеп окуу куралдарын (дептер, калем, карандаш, калемсап, альбом ж.б.у.с.) жайкы жана кышкы кийимдерин алып турушат.

Белгилей кетсек, “Энекем менин бейишим – 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору март айынын аягына чейин Токтогул, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Баткен, Исфана сыяктуу республиканын бир топ аймактарында уюштурулат. 3-март күнү Чүй облусу жана Бишкек шаарынан каттоого алынган балдар үчүн жана алардын апаларына чоң программадагы майрамдык кече жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлмөкчү.