Домой Технологиялар “Эйр Манас” компаниясы Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү учак алып келди

“Эйр Манас” компаниясы Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү учак алып келди

175

“Эйр Манас” компаниясы Кыргызстанга “Airbus A220” тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришти.

“Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап, бирок тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, кийинки “А220-300” үлгүдөгү учак да ушул эле жылы авиакомпаниянын паркын толуктамакчы.

“Бул “А220-300″ учагы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздүн алгачкы ээлик кылган жаңы учагынан болмокчу. Буга чейин бизге жалаң колдонулган авиалайнерлер келип турган”, – деп айтылат билдирүүдө.

“A220-300” учактарынын салону бир класстуу жасалып, жалпысынан 145 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган.

Airbusтын учактарын колдонууну үйрөнүү үчүн “Эйр Манас” компаниясынын тажрыйбалуу экипажы жана техникалык кызматкерлери Франкфурт менен Цюрихте  окуп, билим алып келишти.