Белгилүү коомдук ишмер, саясатчы, Шамшыбек Медетбековдун атасы Медетбеков Осмонкул аксакал 88 жашында каза болду. Ал райондук бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, элге узак жылдар бою эмгек кылган. Анын эмгегин баалашып, район жетекчилиги «Кочкор районунун ардактуу атуулу», жана облус жетекчилиги да «Нарын областынын ардактуу атуулу» наамын беришкен. Маалым болгондой, Осмонкул ата тарбиялап өстүргөн балдарынын бири Шамшыбек Медетбеков да элге кызмат кылып, кезинде Жогорку Кеңештин депутаты, Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Учурда да коомдук иштерге активдүү аралашып, ата жолун, ата эмгегин үзүрлүү улантууда. Осмонкул аксакалдын жаткан жери жайлуу, жаны жанатта болсун! Шамшыбек Осмонкуловичке, көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз…