Домой Аналитика Нур-Султанда Манстын эстелиги, Кыргызстанда Абай Кунанбаев эстелиги орнотулат

Нур-Султанда Манстын эстелиги, Кыргызстанда Абай Кунанбаев эстелиги орнотулат

254
Памятник Манасу. Памятник Манасу перед зданием исторического музея

Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстелигин, Нур-Султанда Манастын эстелигин орнотуу пландалууда.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эстеликтерди орнотуу аталган ишкананын жетекчиси, Бишкек шаарынын башкы архитектору Марат Жороев менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин, Маданият жана искусство департаментинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болгон.

Бишкек шаардык мэриясынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы «Казак эл акыны Абайдын эстелигин орнотуу жөнүндө» 345-токтому менен Бишкек шаарындагы “Театральный” аянтынын борбордук аллеясында Абай акындын эстелигинин орду аныкталган.