Домой Саясат «Манас» аэропортунун багын Бакыт Шаршеев ачабы?

«Манас» аэропортунун багын Бакыт Шаршеев ачабы?

440

Акыркы жылдары «Манас» аэропортунун багы ачылбай, көрсөткүчтөрү көпчүлүктүн көңүлүнө толбой келди. Буга чейинки бир катар жетекчилердин чабалдыгы, коррупциялык иштер коомчулукту катуу нааразы кылып, чоң талкууга алынып, бир топ сындар айтылды. Кудай буйруса, Манас атабыздын ыйык атын алып жүргөн «Манас» аэропортунун да багы ачылаар күнү бар окшойт. Анткени, өткөн айда аэропортко эл жакшы билген, иш билги кадрлардын бири Бакыт Шаршеев жетекчи болуп келген. Ал эми аэропорттун Башкармалыгынын мүчөсү болуп, дагы бир тажрыйбалуу кадр Жолдошбек Токторбаев бекиди. Токторбаев да бул тармакта көп жыл үзүрлүү эмгектенип, бир топ алгылыктуу иштерди жасаганы жалпыга маалым.

Чынында аэропорт азыр чоң реформаларга, чечкиндүү кадамдарга муктаж. Мына ушул ишти эми жаңы жетекчилер талапка ылайык жасарына ишеним чоң. Анткени, мындай жаңы жетекчилердин күч, кубаты, тажрыйбасы жетиштүү.

Окурмандарга маалымат катары айта кетсек, Бакыт Шаршеев 1985-жылы Бишкектен жогорку окуу жайды бүткөндөн бери бир топ жооптуу кызматтарда ийгиликтүү иштеди. Биз да жаңы жетекчилерге ийгилик каалап коелу.

Бакыт Шаршеев 1970-жылы 24-июлда Нарын облусунда туулган. Эки жогорку билимге ээ болгон.

Билими:

  • 1985 — Фрунзе политехникалык техникуму, гидротехник адистигин аяктаган;
  • 2005 — Нарын мамлекеттик университети, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1986 — Тянь-Шань чарбалар аралык көчмө механикалык колоннасы, жыгач уста;
  • 1988-1996 — «Райсельремстрой» Тянь-Шань чарба аралык өндүрүш башкармалыгы, жыгач уста, бригадир, мастер;
  • 1997-2001 — «Нарын» ЭЭА, коопсуздук кызматынын инспектору;
  • 2000-2002 — «Салкын Төр» ЖЧКсы, директор;
  • 2001-2007 — «Темир» мамлекеттик ишканасы, Нарын облусу боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси;
  • 2007-2013 — «Winline» ТМ Sapatcom ЖЧКсы, башкы директор;
  • 2013-2015 — «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2015-2021 — «Техно Ресурс» ЖЧКнын башкы директору;
  • 2021-жылдын февраль айынан тарта «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын башкы директору.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.