Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамына карата Талас шаарынын борбордук аянтында Айкөл Манастын айкелинин ачылышы болуп өттү.
Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Иш чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов катышты.
«Жалпы наркы 8,7 млн сомду түзгөн эстелик, жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилди. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 1 160 000 сом каржыланды»,- деп айтылат маалыматта.
Айкелдин бийиктиги 12 метрди түзөт (өзү 6 м, постаменти менен 12м).
Эстеликтин авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.
Белгилей кетсек, аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү КР Түркиядагы Элчисинин демилгеси менен Анкара шаарына тургузулган.