Домой Коом “Сакалдын” соту башталат

“Сакалдын” соту башталат

103

Дамир Сапарбеков _ СакалЧаламандын чак түшүндө Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун көрүнүктүү мүчөсү, “смотрящий” статусу бар Дамир Сапарбековду “Жал” кичи районунан атып салып, изин жашырып качып кетип, кийин Түркиядан “мыйзамдагы ууру” таажы кийип, быйыл жыл башында Кыргызстанга өзү келип из кубарлардын колуна түшүп берип, канча аракет кылганы менен №1 СИЗОго кире албай, акыры Нарындагы шарты катаал №24- абакта жаткан. Эми бул “Кримбектин” эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иши каралганы турат. Канчалык бат каралып бүтсө, “Сакалга” ошончо пайда. 5 жылдан 15 жылга чейин кесилери турган иш. Айтор, эртерээк Нарындагы абактан чыгып, эркин түрмөгө которулуп, өз максаттарын ишке ашырууну каалап турат. Айтмакчы, “Сакалдын” артында Азиз Батукаев турары айтылган, бул кеп да бекер жерден чыкпаса керек.