Жогорку Кеңеш мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү талкуулады. Сунушталып жаткан өзгөрүүгө ылайык, экстремисттик жана террордук иштерге азгыруу менен алектенген, терроризмди каржылаган деп шектелгендер 14 жашынан тарта жоопко тартылмакчы. Азыркы мыйзам 16 жаштан жоопкерчиликке тартат. УКМК өкүлдөрүнүн айтымында, Сирияга экстремисттик тобуна кеткен кыргызстандыктардын арасында 14-15 жашка толо элек өспүрүмдөр да көп. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Сирия жана Иракта 10 жашка толо элек 85, 14 жашка чейинки 25 бала, 16 жашка чейинки 11, ал эми 18 жашка толо элек 4 улан-кыз бар.