Домой Саясат Жээнбаева банкты жетектейт, Кулматов канча айлык жейт?

Жээнбаева банкты жетектейт, Кулматов канча айлык жейт?

40

Бактыгүл ЖээнбаеваМурун Улуттук банктын төрагасы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси кызматтарында иштеп келген Бактыгүл Жээнбаева “Айыл Банктын” Директорлор кеңешинин чечими менен банктын төрагасы болуп бекиди. Белгилүү болгондой, бул банктын жетекчиси Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна төрага болуп бекиген Кубанычбек Кулматовго орун басар болуп кеткен. Баса, эки жылдай бул фондду башкарып, эч бир иш кылбаган Нурсулуу Ахмедова дегендин айлыгы 10 миң доллар экени ачыкка чыккан. Бул кургур аялдын кулкуну да кудук окшобойбу. Жаңы жетекчи Кулматовдун кулкуну түбү жок жана уч-кыйырсыз деңиздей эле, андыктан бул адам айласын таап айлыгын (кытып алгандан тышкары дейли) 20 миң доллар коюп албаса болду.