Домой Криминал АКШ Көлбаев жөнүндө маалыматтарга сый акыны 5 млн долларга көбөйттү

АКШ Көлбаев жөнүндө маалыматтарга сый акыны 5 млн долларга көбөйттү

201

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобунун каржы схемасынын бетин ачууга боюнча маалыматтар үчүн АКШнын Мамлекеттик департаменти сый акынын көлөмүн 5 млн долларга көбөйттү.

Бул маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда сый акы Мамлекеттик департаменттин Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын алкагында берилет.

Мындай программанын жардамы менен 75тен ашык трансулуттук кылмышкерлер жана наркобарондор жоопко тартылган.

Маалыматтарды АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгыжана Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы +1 202-643-0383 номери аркылуу, WhatsApp, Telegram, Signal мессенжерлеринде да кабыл алат.

Каалоочулар АКШнын жакын жайгашкан элчилиги менен консулдугуна барса же Kolbayev_Tips@usdoj.gov электрондук дарегине кат жолдосо болот. Ал эми маалымат бергендердин аты-жөнүнүн купуялуулугу камсыздалаарын айтууда.

Эскерте кетсек буга чейин Камчыбек Көлбаев 2000-жылы бир нече кылмыштарга айыпталып 25 жылга соттолгон. 6 жылдан кийин түрмөдөн качып кеткен Көлбаевди 2007-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы «эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери» деп атаган.

Ошондой эле 2011-жылдын июнунда АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманын администрациясы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

Андан кийин 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сый акы жарыялаган.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен 3 жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

УКМК Көлбаевди 2020- жылдын 22-октябрда кайрадан Бишкекте кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган.

Бишкек шаардык соту 2021-жылдын 2-мартында Көлбаевди чет мамлекетке чыкпоо тууралуу тил каты менен абактан бошотту.

булак: birgenews