Кылмыш авторитети Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 3-ноябрда саат 09: 00дө Бишкек шаардык сотунда болот.
Эске салсак, 22-октябрда мыйзамдагы ууру аталган Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) спорт клубдарынын биринен кармалган. Ал кылмыштуу уюм түзгөн деп шектелүүдө. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки процесстер башталды.
Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары жана атайын кызматтын мурунку кызматкерлери Көлбаевдин кармалышы “калктын маргиналдык катмарына” арналган шоу жана пиар деп эсептешет. УКМКнын ардагери Адылбек Жумадыловдун айтымында, бийлик ушинтип коррупцияга каршы жасалма күрөштү көрсөтүп жатат.
булак: vesti.kg