Домой Криминал Сапарбековдун аялы “Сакалдан” 2 млн. сом сурады

Сапарбековдун аялы “Сакалдан” 2 млн. сом сурады

93

сом

Өткөн саныбызда “мыйзамдагы ууру” Улан Токтосуновдун (каймана аты “Сакал”) соту Биринчи май райондук сотунда башталганын жаздык эле. “Сакалдын” соту чу дегенде эле кызыктар менен коштолуп турат. Бул жигиттин чаламандын чак түшүндө Камчы Көлбаевдин тобунун активдүү мүчөсү, “смотрящий” статусуна ээ болуп жүргөн Дамир Сапарбековду “Жал” кичи районунан жанын чыгара аткандыгы белгилүү. Эми бул сот отурумунда Сапарбековдун аялынын жактоочусу “Сакалдан” материалдык чыгымга 1 млн. 82 миң 400 сом жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 млн. сом төлөп беришин талап кылды. Токтосуновдун жактоочусу мындай талапты токтотууну, коюлган доого макул эместигин билдирди. Ал эми судья Абдуразаков Боронбай бул маселени азырынча ачык бойдон таштады. Кыязы, “Сакалдын” соту дагы башка кызыктар менен коштолгону калды. Бул маселеде Сапарбековдун аялы бекер жерден күйөөсүн өлтүргөндөрдөн чоң акча сураган жоктур. Ал эр жүрөк аялга Камчы Көлбаев кубат берип жаткан окшобойбу.