Домой Криминал Мыйзамдагы ууру «сакалдын» соту бүтпөс болду го…

Мыйзамдагы ууру «сакалдын» соту бүтпөс болду го…

97

Мыйзамдагы ууру Улан Токтосуновдун соту бүгүн Бишкек шаардык сотунда уланды.

Улан ТоктосуновБелгилүү болгондой ал 2015-жылы  27-апрелде чалмандын чак түшүндө Камчы Көлбаевдин тобундагы кримавторитет Дамир Сапарбаевди ит аткандай атып салып качып кеткен. Издөөгө алынып, кийинчерээк өзү келген. Өткөн жылдын этегинде Биринчи Май райондук соту “Сакалды”  17 жыл, шериктештери Зыпарбек Алиевди 18, Дастан Таштанбековду 4 жылга кескен.

Бүгүнкү сотто маркум Сапарбаевдин аялы жабыр тартуучу катары көрсөтмө берди. Андан тышкары, сотко Сапарбаевдин иниси делген Ажиматов да конвойдун кайтаруусу менен алынып келинди. Ал  да өз билгениндей көрсөтмө берди. Эмки сот 7-мартта боло турган болду.