Домой Криминал Көлбаевдин үч адамдын өлүмү тууралуу жазган жашыруун каты ачыка чыгып, аны…

Көлбаевдин үч адамдын өлүмү тууралуу жазган жашыруун каты ачыка чыгып, аны…

2783

Өткөн сандагы “Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев» деп аталган макаланын уландысы.

 

Жерге киргизип,  жети атасын  таанытып…

Рыспек жыл өткөн сайын күч топтоп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жүрүп олтурган. Чолпон-Атанын эстелигине арналып өткөрүлгөн тойдон кийин ого бетер жер баспай, өзүнө бир топ ишенимдүү боло түшкөн. Ошол жылдары “кара дүйнөдө” лидер болуу максаты да кадыресе бекемдей түшкөн эле. Кыргызга кыйынсынышкан башка улуттардын “обңактарын” чачыраткандан кийин да ага каршы турушкан, кыргыздын дагы да башка өткүр, Рыспектен кем калбаган, ал тургай андан да ашып түшүшкөн күчтүү жигиттери болгонун четке какпашыбыз абзел. Ортодо таасир талашуу күчөп, натыйжада Рыспек Акматбаевдин алын кетирип, баш бербей басып кеткендердин өзүнчө бир тобу катуу аракет кылышкан. Ушул жерден Азиз Батукаев тууралуу кеп кылбасак болбойт. Чечендердин “обңактары” кара дүйнөдө кандай болгон күндө өз таасирлерин сактап калуу үчүн бардыгына кайыл болуп, бар аракетин көрүп, бар мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарышкан эмес. Бирок, биздикилер (кыргыздарды айтам, кыргыздар болгондон кийин биздикилер болот да) оңой менен алдырган эмес, ыңгайы келе калган жерлерде чеченинби, башкасынбы жети атасын таанытып, жерге киргизчүсүн киргизип, чыгарчусун чыгарып турушкан. Сөзүм кургак болбош үчүн, бул маселеде бир мисал келтирейин:

Камчы Көлбаев

Интернетке жарыяланган азыркы криматалык деп аталган Камчы Көлбаевдин биз сөз кылып жаткан жылдары жазып берген түшүнүк катын көпчүлүк окурмандар көрүп, окушса керек. Ал окуя Рыспектин тобу менен чечендердин “обңагынын” тирешүүсүнөн улам келип чыккан. Чынында ал окуяга Көлбаев катышкандыгы үчүн, так айтканда ошол окуяга күбө (1999-жылы)  Рыспекке кат жазган окшобойбу. Ал кат 2000-жылдары жазылган. Көлбаев ал катта Акматбаевге айдоочу катары иштерин, ак түстөгү “Ланд Крузер” айдарын белгилеген.

… Батукев менен санаалаш болуп, жер баспай, өздөрүн өтө өткүр сезишкен, көздөрүн эчак май басып, кыргыздарды киши катары көрбөй калышкан: Хаваджи Заурбеков, Ханапи Чегиров жана Шамил Адаев дегендердин удаа-удаа көздөрү тазаланган. Алгач Хаваджинин сөөгү Кой-Таш айылына жакын жерден табылган. Анын колу чоң бычакты мыкчыган бойдон карышып калган. Экспертизанын маалыматына караганда ага жерде жаткан жеринен көк желкеге тапанчанын огу кадалган. Ханапи Чегировдон кийин, Бишкектин “Ысык-Көл” мейманканасынын жанынан Шамил да өлтүрүлгөн. Ал чечендерден чыккан бизнесмен катары да аты угулуп турган. Бул үч чечендин өлтүрүлүшү боюнча кабар коомчулукка тез эле тарап, билинбеген менен ал окуяны бир топ кыргыздар, айрыкча жаштар катуу колдоого алышкан болчу. Ал эми милиция деген милиция да, мыйзамды тебелеп кете алышпайт, кандай окуя болсо да, мыйзам чегинде аракеттерди көрөт эмеспи. Алар деле өз көзөмөлүндө кримдүйнөдө башка улуттарга караганда кыргыздардын үстөмдүгү болуп турушун тымызын каалашса керек.

Бирок, алар эң ириде кандай кылмыштуу топтор болсо, толугу менен көзөмөлдө болушуна көптөн көп кызыкдар…

 

50 кылмыштуу топ жана 43 кримавторитет кармалып…

1993-жылдары Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн, так айтканда белгилүү бир аянтчаларынын биринде күз айларында кара дүйнөдө ага чейин жана жаңыдан баш көтөрүп аты чыгып калган каралардын чоң “сходкасы” боло турганы ИИМге жана жалпы эле шаардыктарга шардана болуп, ал кеп коомчулукта кызуу талкуулана баштайт. Каралар беттегенин беришпей, ал аянтчага: “Осетин”, “Масло”, “Носорог”, “Бек”, “Седой”, Рашид, Азиз, Эшим, Мулла сыяктуу өзүн кыйын сезишип, өз ара таасир талашып, бири -бирине каршы болуп жүрүшкөндөр  чогулушмак да, атышуу, сайышуу, кан төгүлүү, башын жара чапмай, көзүн чыгара чапмай, айтор кандуу тирешүү болору күтүлүп жаткан болчу. Бирок, ал “сходканы” ИИМ атайы иш-чараларды колдонуп, көп күч жумшап, токтотуп калышкан. Аталган министрликтин бул милдеттүү аракетине коомчулук ыраазы болушуп, алкыш айтышкан. Бирок, кримдүйнөдөгү кагылышуулар муну менен эле токтоп калган эмес. Тескерисинче: өлтүрүүлөр, курал сатмай, рекетчилик, кыздардын зордукталышы, бизнесмендердин тонолушу, баңгизаттарды сатуу сыяктуу кылмыш иштери байма-бай болуп, элдин бир топ эле үшүн алып турган. Ошол учурда Кыргызстанда эле эмес, баңгизаттар менен шугулдангандардын саны дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде тездик менен көбөйүп кеткен. Ал кезде дүйнөнүн күчтүү эксперттери баңгизат бизнесине сарпталган 1 эле доллар кыска убакыттын ичинде 12-13 миң доллар таза киреше алып келет деп баа беришкен.

ИИМ дагы бул учурда жөн жаткан эмес, кримдүйнөнү колдон келишинче төмөнкү деңгээлге чейин ооздуктоо үчүн мерчемдүү аракеттерди көрүшкөн. Ал аракеттердин бири катары министрлик 1996-жылы Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгын (ГУБОП) түзөт. Жаңы түзүлгөн башкармалыкка ИИМде мыкты иштеп, эрдиктерди көрсөтүп, өз кызматтары менен үлгү болушкан эр жүрөк спортчу кызматкерлери топтолот. Мындан тышкары, ошол эле жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында дагы кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө багытталган өзүнчө башкармалык түзүлгөн.

Бул эки башкармалыктын балдары 2000-2001-жылдарга чейин, так айтканда 5 жылдын ичинде 1600дөн ашык уюшкан кылмыштуу топтор катышкан ар кандай деңгээлдеги, көбү оор мүнөздөгү кылмыштардын бетин ачышкан. Албетте, алардын ичинде төбө чачты тик тургузган кылмыштар да болгон. Бирок, канча аракет кылышып, күндөп-түндөп иликтенген айрым бир чоң кылмыштар да ачылбай калганы ырас. Ошондой эле аталган башкармалыктын эч нерседен кайра тартпаган баатыр мүнөз кызматкерлери тарабынан кримдүйнөдөгү 50дөн ашык кылмыштуу топтор жок кылынган деген маалыматтар да бар.

Камчы Көлбаевдин Рыспек Акматбаевге каты 03 Камчы Көлбаевдин Рыспек Акматбаевге каты 02 Камчы Көлбаевдин Рыспек Акматбаевге каты 01

Бирок, бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жакындайт, ага кепилдик берүү кыйын. 50 болбосо да, бери болгондо 30дан ашык кылмыштуу топту таптакыр түп-тамыры менен “жулуп” жиберишпесе да, кандайдыр бир деңгээлде таасирин азайтышса керек. Ал эми ошол 5 жыл ичинде 43 кримавторитет делген жаш курагы 20дан 50 жашка чейинки адамдар темир торго отургузулган. Алардын арасында: 50 жаштан эми өткөн “Паханчик” каймана атындагы Рыспек Керимбаев, Лимонти, Самсалиев Болот, кримдүйнөдө таңкалыштуу окуялары менен даңкы чыккан Байназаров (каймана аты “Талисман” ), казак улутундагы Осмонов, Каныбек Калыбеков, Урмат Борбушев, Аят Сансызбаев ж.б болгон. Биз айтпасак да боолголоп жатсаңыздар керек, Рыспектин, Азиз Батукаевдин бир катар жакын санаалаштары да камалышкан. Жогоруда аттары аталгандардын айрымдары Акматбаев менен Батукаевдин тобунда болушкан.

Ал ортодо Рыспектин аялы, 10-класста окуп жаткан баласы каза таап…

 (Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев