Домой Коом Кытайда “Кыргыз почтасынын” филиалы ачылат

Кытайда “Кыргыз почтасынын” филиалы ачылат

36

“Кыргыз почтасы” быйыл Кытайдын Кашкар аймагында филиалын ачат. Бул товарларды алып келүүдө, ташууда бир топ ыңгайлуулукту жаратат. Бул тууралуу Марат Черикчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында, чет мамлекеттерде “Кыргыз почтасынын” кеңселерин ачуу менен электрондук коммерциянын жакшырышына чоң жол ачылат.

“Учурда “Кыргыз почтасын” эл аралык деңгээлге көтөрүп, рейтингин жакшыртууга болгон аракеттер көрүлүүдө. Электрондук коммерция боюнча Кытай дүйнөдө лидер өлкө. Биз муну көп жагынан туура колдонуп, чектеш мамлекет катары кызматташууга баруудабыз. Мисалы, быйыл Кашкарда филиалыбызды ачуу пландалууда. Бул логистикалык иштердин жакшырышына алып келип, товар ташуу, жеткирүү кыска мөөнөттө дарегине жетип калат. Алсак, “Алибаба” маркетплейсинен товарга буйрутма берсек 60 күндүн ичинде келсе, эми 10-15 күндө жеткирилет. Былтыр жайында эки тараптуу келишимге кол коюлган, Кыргызстандын почта жүктөрү ал жакта чогултулуп, бизге келет”, — деди Черикчиев.

Ошондой эле адис эл аралык уюмдардын колдоосу менен “Кыргыз почтасы” ишканасынын автопаркын жаңыртуу, кеңселерди жакшыртуу, техникалык жабдыктар менен камсыздоо иштерине көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.

булак: sputnik.kg