Домой Аналитика Расул Умбеталиев: Март айына карата жарык өчүп, караңгылыкта отуруп калышыбыз ыктымал

Расул Умбеталиев: Март айына карата жарык өчүп, караңгылыкта отуруп калышыбыз ыктымал

16

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгонуна байланыштуу кыштан чыкпай калуу коркунучу айтылып жатат, чыныгы абал кандай?

— Быйыл суу аз чогулду. Маселен, октябрь айына карата 12 млрд. 350 млн. куб суу топтолгон. Учурда Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 930 куб/метр суу калды. Орточо эсеп менен кыш мезгилинде биз 7-8 млрд. куб/метр суу колдонобуз. Натыйжада 2022-жылдын 1-апрелине сууну көлөмү 4,5-5 млрд. кубга түшүп калышы ыктымал. Негизи суу сактагычтагы сунун көлөмү 6-6,5 миллиардга түшкөндө Токтогул ГЭСи Күрпсай ГЭСине, Шамалды-Сай ГЭСине, Таш-Көмүр ГЭСтерине суу жеткире албай, толук кандуу электр энергия өндүрүлбөй калат.

— Бирок министрлик «электр энергиясын башка мамлекеттерден сатып алабыз, кыштан чыгабыз» деп убада кылган жайы бар…

— 1 млрд. 650 млн. кВт/саат электр энергиясын Өзбекстандан, Казакстандан импорттойбуз, калганын Түркмөнстандан алуу пландалганын билдиришкен. Бирок бул үч мамлекеттен сатып алган электр энергия биздин маселелерди чечкен жок. Себеби Токтогул суу сактагычында эң аз суу топтолду. Түркмөнстандан 500 млн.  кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча келишим бар, бирок алар 290 млн. кВт/саат электр энергия эле берди. Келишим толук кандуу аткарыла элек. Өзбекстан жаз, күз мезгилинде 500 млн. кВт/саат электр энергиясын берүүнү айткан, муну аткарышты. Казакстан аткара элек. Себеби, булар жай жана күз мезгилинде 900 млн. кВт/саат электр энергиясын бериши керек эле, 560 млн. кВт/саат эле берди. Калганын бере элек. Бериши дагы күмөн, себеби Казакстанда жылуулук мезгили башталып, өздөрүнө электр энергиясы жетпей жатат.

— Жалпы үнөмдөөгө өтүш керекпи? Веердик өчүрүүлөр жардам бербейби?

— Менин эсебим боюнча, 20-февралга жакын Токтогул суу сактагычында суу  түгөнүп, акыркы чегине жетет. Ошондуктан веердик өчүрүүнү район, шаар кылып аткарганда натыйжа чыкпайт. Минтип коркуп отурсак кыштан чыкпай, ал эми  суукта кошуна мамлекеттер бизге электр энергиясын бербейт. Азыр реконструкциялоонун алкагында Токтогул ГЭСиндеги 4-гидроагрегат алмаштырылып жатат. Аны 1-декабрга чейин бүтүш керек эле, менимче, ал убакытта толук бүтүрүүгө жетишпейт. Суу сактагычтагы ар бир агрегат 300 мегаватт турат (!) деп жатпайбызбы. Бул күнүнө 10 млн. кВт/саат электр энергиясын чыгарыш керек. Азыр суунун агымын карап көрсөк, 43 млн. кВт/саат колдонуп жатабыз. Суунун агымы секундасына 480 кубду түзүүдө. Бул башталышы, эртең суук түшсө ички колдонуучу 60-70 млн. кВт/саатка чейин жетет. Анда 700-800 куб суу агызганга мажбур болобуз. Азыртадан электр энергиясын жалпы үнөмдөөгө өтпөсөк, агрегаттарга суу жетпей, электр энергиясы өндүрүлбөй калат. Ушул абалга алып келген азыркы энергетика тармагындагы баардык жетекчилер отставкага кетип, жаңылары дайындалып, дароо үнөмдөөнү башташы зарыл.

Веердик өчүрүүлөргө мажбурбуз. Мунсуз кыштан чыкпай калабыз. Атайын график түзүлүп, Кыргызстан боюнча өчүрүүлөрдү тезинен ишке ашыруу абзел. Айрым жерлерде гана өчүрүү абалды турукташтырбайт. Оорукана, мектеп, бала бакча, болду, ушул жакта гана жарык өчпөй, калган баардык жерде үнөмдөөгө өтүү шарт. Көптөр муну түшүнбөй жатат. Азыр үнөмдөбөсөк, 1-мартка жалпы караңгыда отуруп калышыбыз ыктымал. Мен коркуткум келген жок, бирок абал чынында эле кооптуу.

Анархан Алтымышова 

«Азия Ньюс» гезити