Домой Саясат Өз башын өздөрү жеген партиялар жана Бабанов «чемоданын» эмнеге камдап койду?

Өз башын өздөрү жеген партиялар жана Бабанов «чемоданын» эмнеге камдап койду?

46

sublingual sildenafil citrate. 1365884082_19651000 (1)

Президенттик шайлоо өтүп, анын жеңүүчүсү ким экендиги да аныкталып калгандан кийин шайлоо алдында да стабилдүү эмес, карама-каршылыктуу болуп келген Жогорку Кеңеш мамлекеттик бийликтин түшүнүксүз органына айланып калды. Ырксыздык жана теңселүү бардык фракцияларда байкалып турат. Партиялык тизме боюнча шайланган парламент азыркы тапта өзүнөн жетишээрлик ар түрдүү массаны көрсөтүп атат. Алтургай өздөрүнүн багытын жоготкон депутаттар көп болуп, эми өздөрүнүн гана кызыкчылыктары үчүн күрөшүп калгандай сезилүүдө.

Жогорку Кеңеште негизин бир гана социал-демократтар сактап калды, калган партиялар саясый банкротчулуктун чегинде гана эмес, толугу менен жок болуп кетүү коркунучуна кептелгендей. Алар көптөн бери ордуларында иштебейт, кайсы бир убакта аты укмуштай күрүлдөгөн саясый бирикмелер факты жүзүндө өзүн өзү жок кылды. Алардын кеңселери да, коомдук кабылдамалары да, калк менен иштөөлөрү да таптакыр жок. Ошондон улам орундуу суроо жаралат: аты жазылган тактадан башка эч нерсеси калбаган ошол партиялардан шайлангандар парламентте эмне кылып отурат?

Ошол эле «Ата-Мекен» партиясын алалы, анын лидери коррупция беренеси боюнча темир тор артына кетти. Анын өзгөчө жакындары А. Салянова менен А. Шыкмаматовдорго да олуттуу кызматтык кылмыштар боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда соттук териштирүү иштери жүрүп атат, анын жүрүшүнө караганда бул аттары аталгандарга да айыпталган чечим чыкчудай. Бул партиянын дагы бир мүчөсү К. Иманалиевге да бүгүн-эртең кылмыш иши козголушу мүмкүн, болгондо да бир гана эпизод боюнча эмес. Башкача айткнада «Ата-Мекен» фракциясынын жарымысынан көп депутаты казынага кол салгандар жана коррупцияга шектелгендер болуп чыгууда. Бир сөз менен айткнада кайсы бир убакта элге чоң үмүт берген бул партия өзүнүн акыркы ирмемдерин сүрүп аткан сыяктуу.

Негиздөөчүсү Ө. Бабанов болгон «Республика» партиясы өзүнүн парламенттик фракциясында эмне болуп атканына көзөмөл жүргүзүүнү толугу менен жоготуп алган сыяктанат. Бул фракциянын көптөгөн депутаттары учурда жаңы «колтук» издеп жүрүшөт, эптеп баш калкалоо үчүн. Ал эми бир кезекте «шеф, шеф» турган лидерин башынан ашкан көйгөйлөрү менен кошо жалгыз таштап кеткени турушат. Бабановдун бул аргасы куруган абалга кептелиши кыска убакыт аралыгында эле боло калган эмес. Криминалдык-коррупциялык мүнөздөгү белгилери бар күмөндүү иш-аракеттер жылдап созулуп келатканы билинди. Бул саясатчынын аракеттеринин натыйжасында жабыркагандар ага карата дооматтарын эми гана ачык айта башташты. Ал эми президенттик кресло үчүн күрөш жүрүп аткан маалда Бабанов улуттар аралык жаңжалды козута турган беренеге дал келе турган сөздөрдү да коомчулуктун алдында айтып алды. Андыктан жаш, сулуу жана көп үмүттөрдү берип келген бул саясатчынын келечеги коюу туманга айланды.

Айрым маалыматтарга караганда Бабанов азыркы тапта өтө керектүү буюм-тайымдарын «чемоданга жыйнап» алып, «стартта» турат дешет. Эгерде ал өзүнө карата Текебаевдикиндей тагдырдын жыты чыга турган болсо эле партиясын да, фракциясын да, туугандарына катталган бизнес-империясын да таштаган бойдон качканы туру экен. Бабановдун чет элдик олигархтар менен өтө ысык мамилеси да аягына чыгып калганы айтылууда, демек анын эми Кыргызстандын саясый жашоосунда мындан ары да катышуусу өтө чоң күмөн жаратат.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы жана анын лидери Б. Төрөбае вда ошондой эле абалда. Ооба, анын көйгөйү масштаб боюнча алып караганда «Республиканыкына» караганда аз. Бирок, бул аргасыз гана сооротуу болуп калат. Себеби, андан электораты жүзүн бурду, фракция чачыроо алдында, ал эми партия толугу менен жок болуу коркунучунда. Бабановдун «премьер-министри» президенттик шайлоонун алдында кимге барып кошуларын көпкө ойлонду, анан акыры барып анын саясый карьерасына чекит кое турган жолду тандап алды.

Ал эми «Бир Бол» жана «Кыргызстан» аттуу шайлоо алдындагы долбоорлор – ошондо эле чыныгы партия катары санала алышкна эмес. Башында эле аларда түрдүү интригалар жана чыккынчылары да болгон, бирок баары бир коалициялык көпчүлүктө алар өздөрүнүн стабилдештире турган ролун ойношту. Текебаев, Бабанов, Төрөбаевдер мамлекетибизди чайпалтуу аракетин көрүшкөндө, ага «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев да кол сунганы билинди. Бирок, бактыга жараша алардын аракеттери алдын алынды.

Эксперттердин айтымында парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркап кетүүсү тууралуу кептин чыгып атышына негиз бар. Себеби Жогорку Кеңеш бийликтин эң эле стабилдүү эмес бутагы болуп туру. Бирок, бул азыркы тапта эң башкы маселе эмес, аны чечүүнү жылдыра турса болот. Эгерде парламент айрым деструктивдүү топтордун мамлекеттеги кырдаалды чайпалтуу, интригаларды уюштуруу кызыкчылыгында пайдаланыла турган аянтчасына айлана турган болсо, анда аны таркатуу маселесин каалаган учурда көтөрсө болот.

Эгерде бул парламент таркап, жаңысы шайлана турган болсо, анда өткөрүү тосмосу 9%дык деңгээлге көтөрүлгөн жаңы мыйзам боюнча шайланган парламент көбүрөөк туруктуу жана саясый деформацияларга азыраак алдырган, анын ичинде сырткы күчтөрдүн таасирине алдырбаган парламент боло алат.

Жаңы тартип боюнча шайлоолорду өткөрүүдөн азыркы курамдагы фракциялардын ичинен төртөө автоматтык түрдө ыргып кетет. Борттун сыртында «Ата-Мекен», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» калат. Теоритикалык жактан алганда «Республиканын» кайрадан парламентке келүү мүмкүнчүлүгү калат. Бирок, биз баарыбыз билгендей мындай партия азыр жок, «Республика-Ата Журт» аттуу гана партия бар. Себеби Бабанов менен Ташиев азыркыга чейин юридикалык жактан «ажырашуу» жасай элек. Андыктан азырынча КСДП гана ишенимдүү түрдө саясый айдыңда турат, саясый мейкиндик – бош.

Андыктан, азыркы тапта улуттук масштабдагы жаңы саясый бирикмелерди түзүү шарты келип турат. Ким мамлекетти башкарууга жана өнүктүрүүгө катышууну уланткысы келсе, жаңы партиялык курулуш менен алек болууга убакыт келди. Бирок, ал бүгүн бар да, эртең жок болуп кала турган эмес, туруктуу негизде иштей турган олуттуу уюм болушу керек. Жаңы парламентке эми шайлоонун алдында эле түзүлө калган, тар кызыкчылыкты көздөгөн партиялар өтө албайт.