Домой Саясат Анча-мынча актанып, бирок жеңилгенин мойнуна алган Бабанов

Анча-мынча актанып, бирок жеңилгенин мойнуна алган Бабанов

53

                    Babanov-shtab-press-konferentsiya-4

cialis 2 day delivery.

Президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов 16-октябрда маалымат жыйынын берип, шайлоо өткөнүн, эл өзүнүн добушун татыктуусуна бергенин билдирди. Бирок, ошондо да болбой эле «административдик ресурс иштегени, укук коргоо органдары бизге каршы чыкканы үчүн ушундай жыйынтык болуп калды» деп актангысы келди.

Бирок, кайсыл жерде кандай административдик ресурс иштегенин, кайсыл укук коргоо кызматкери ага каршы чыкканы боюнча бир дагы факты келтире алган жок. Анын логикасына таянсак, добуштарды акчага сатып алуу аракеттерине укук коргоо органдары таптакыр көңүл бурбай коюшу керек болчу турбайбы. Кыязы, ал дал ушул нерсени айтып жатса керек.

Ал эми административдик ресурс тууралуу шайлоо бүткөндөн кийин деле кайталап айтып атканы таң калычтуу. Бир дагы шайлоочу административдик ресурс иштегенин көргөн жок. Андыктан муну шайлоо алдындагы үгүт иштеринде элдин көңүлүн өзүнө буруу, өзүнө элдин жанын ачытып, боорун оорутуу максатында пайдаланылып келгенин түшүнөбүз, бирок шайлоо бүткөндөн кийин аны пайдалануунун эмне зарылчылыгы бар эле?

Журналисттер тарабынан анын буга чейин «Биздин штаб добуштарды саноонун альтернативасын жасайт, биздин штаб да санайт» деп айтканы боюнча сурашты. Буга ал «Альтернативалуу эсеп – негизги эсепке таасирин тийгизбейт» деп жооп берди. Демек, ал шайлоонун жыйынтыктары туура эле чыгып атканын мойнуна алгандыгы болуп саналат.

Мындан сырткары ал Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолугушканы боюнча дагы актанды. «Биздин жолугушуубузда бир гана маселе болгон, чек арадагы бардык тоскоолдуктарды алып салуу» деди ал. Эмне ошол маселени так шайлоонун алдында барып сүйлөшүш керек беле? Ага чейин эмнеге ошол маселени чечүү үчүн барган эмес? Тескерисинче, ал казак лидери менен жолугушуп келгенден кийин добуш берүү күнүнө жакын калганда казак бийлиги чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп жиберди го.

Мына ушул чек ара көйгөйү боюнча Бабанов: «Казакстанга барып сүйлөшүш керек, премьер-министр да ушул маселе боюнча барышы керек» деди. Демек, Бабанов Назарбаев менен сүйлөшүп алып, атайылап чек ара көйгөйүн жаратса, Кыргызстандын президенти же премьер-министри Казакстанга жалдырап барышы керек экен да? Андан көрө, эгерде Бабанов чындап кыргыз элинин патриоту болсо «Кыргызстан да, Казакстан да ЕАЭБке мүчө, демек казак бийлиги бир тараптуу эле чек араны жаба албайт, бул боюнча алар жоопкерчилик тартып калат» деп айтат эле го.