Көптөн бери коомчулуктун көңүл борборунда болгон, кызуу талаш-тартыштарды жаратып, бирок бир тараптуу жоопко ээ болбой келген президенттик шайлоо жыйынтыкталды. Шайлоо күнүнүн акыркы минутасына чейин талапкерлердин кимиси жеңишке жетиши мүмкүн экендиги боюнча бир дагы эксперт так жооп айта албай турду. Себеби, Кыргызстандын тарыхында, деги эле жалпы Орто Азия мамлекеттеринин тарыхында биринчи ирет күчтүү атаандаштыктагы президенттик шайлоо болуп өттү.
Албетте, шайлоого катышкан 11 талапкердин ичинен маарага алдыңкылардан болуп келе турганы күтүлгөн эки талапкер болгон. Алар – С. Жээнбеков жана Ө. Бабанов. Эки талапкердин шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү башында бирдей деңгээлде болуп аткан. Алтургай Ө. Бабанов 1-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында «Мага 65% эл добуш бергени турат» деп да жар салып алган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков ар бир жолугушуусунда: «Баарын эл чечет, анан Кудайдын колдоосу менен чечилет» деп айтып келген.
Демек, аттары аталган эки талапкердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү башында бирдей болгон болсо, анда неге Бабанов жеңилүү ызаасын тартып калды деген суроо туулат. Биз мына ушул суроонун тегерегинде анализ жүргүзүп көрөлү.
Ийгиликтүү бизнесмен, өлкөбүздөгү алдыңкы байлардын катарында турган, жаш, амбициялуу, энергиялуу Ө. Бабановго да чынында ишеним арткандар арбын болду. «Балким жаштарга кезек берип көрбөйлүбү? Өң десе өң бар, байлык десе байлык бар, уюштургуч жөндөмдүүлүгү да жакшы» деген пикирди кармангандар да көп болду. Бирок, ошондой пикирди карманып жүргөндөрдүн бир бөлүгү шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы башталып, ал ортолоп калган ченде Бабановго болгон ишенимдерине «суу сээп» алышты.
Эмнеге? Эң биринчи эле ал «Кудай буюрса» деген сөздү колдонбой, «15-октябрда кечки саат 8:00до Кыргызстан жаңы президенттүү болот, анын фамилиясы Бабанов» деп өтө ишенимдүү сүйлөгөнү Кудайга да, элге да жаккан жок. «Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» демекчи, Бабанов эл көзүнө өтө ишенимдүү көрүнөм деп атып, тилинен жаңылды.
Экинчи себеби – бул коңшулаш Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин алдына «мени колдоооруңузду билдирип коюңузчу» дегендей жүгүрүп бара клаганы болду. Ар-намысты өтө бийик туткан кыргыз эли үчүн анын бул кадамы өтө жийиркеничтүү болуп калды. «Эмитеден казак лидерине кошомат кылып атса, кийин президент болуп калса баарыбызды кошо жүгүнтөт го» деген коомдук пикир жаралды. Себеби, биздин алгачкы эки качкын президенттерибиз коңшулаш мамлекеттердин башчыларынын алдына жүгүрүп бара беришип, аларды да көндүрүп, элибиздин да нааразычылыгын жаратып келген. Ал эми акыркы алты жылдан бери карай кыргыз бийлиги коңшулаш мамлекеттер менен да, дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен да теңата сүйлөшүүгө жетишип калган. Бизге ошол теңата мамилени андан ары да өнүктүрө турган, көз карандысыздыгыбызды бекемдей турган башчы керек болчу. Бул жагынан Бабанов жарабай тургандыгын өзү тастыктап койду.
Үчүнчү себеп – бул Бабанов шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө казак олигархтарынан алган миллиондору болду. «Ошончо миллиондорду казак олигархтары бекер берген жок, демек Бабанов президент болгондон кийин аларга өлкөбүздүн кен байлыктарын кармата берет» деген пикир жаралды. Ага кошумча эле Бабановдун «Мен президент болсом, кош жарандуулукту киргизем, эч ким башка өлкөнүн да жарандыгын алганы тууралуу паспортун бекитпейт, алар Жогорку Кеңеште депутат боло алат, мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындала алат», — деп айтканы да анын рейтингинин төмөндөп кетишине түрткү берди. Себеби, кыргыз эли үчүн, кыргызстандыктар үчүн башка өлкөнүн жаранынын чиновник болуп отурушу керек эмес болчу.
Төртүнчүдөн, Бабанов Ош облусунун Он-Адыр айылындагы өзбек тектүү шайлоочулар менен жолугушуп, «Чөгөлөп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Силердин бирөөңөрдү уруп атса, калганыңар кошулуп кеткиле. Эл деген сел болот, ага эч ким каршы тура албайт. Бир милиция бир өзбекке тийишсе, ал кызматынан кетет», — деп сүйлөгөнү ага карата бүлбүлдөгөн ишенимин араң кармап турган дагы бир топ шайлоочунун үмүтүн өчүрдү. Анын бул сөздөрү улуттар аралык кастыкты козута турган чакырык болуп калды. 2010-жылы дал эле ушундай сөздөрдү сепаратист Кадыржан Батыров айткан болчу. Бийликке жетиш үчүн эки бир тууган элди кагыштырууну көздөгөн талапкерди анан кантип акыл-эси ордунда кыргызстандык колдомок эле?
Бешинчиден, Бабановдун алган тактикасы адашуу болуп калды. Ал өтө ишенимдүү кетпей, өтө эле албууттанып «Мен президент болгондо» деп сүйлөбөй, тынч гана программасын айтып, мамлекетти өнүктүрүү үчүн кандай жумуштарды жасай турганын так, даана көрсөтүп, аткарылбай турган убадаларды берүүдөн алыс болушу керек эле. Себеби, элибиз азыр «алтын жашоо келет, айлык акыңар эки эсе көбөйөт, эки эсе байыйсыңар, алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошулабыз» деген аткарылбай турган убадаларга ишенбейт. Ошондой убадаларды бергенден кийин ага жетүүнүн да жолун көрсөтүшү керек болчу. Ошентип ал тынч гана «Бийлик административдик ресурсту колдонуп атат» деп жалгандан атаандашын каралай бербей күрөш жүргүзгөндө, балким шайлоо эки тур менен өтмөк. Ошол экинчи турда гана ал өзүнүн толук амбициясын алып чыкса, кыска убакыт аралыгында шайлоочулар анын айткандарын анализдөөгө да жетишпей, «Бул бала тың турбайбы, алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошулалы анда» деп туруп, ага добушун беришмек.
Айтор, Ө. Бабанов миллиондогон каражаттарын самандай сапыруу менен жеңилүү ызаасын тартып калды. Буга ал эми кандай реакция менен чыгаарын күтө туралы. Дагы адатынча «административдик ресурс иштеп кетти» деп догурунабы же жигиттик кылып жеңилгенин мойнуна алабы?