Домой Саясат Гүлсүн МАМАШЕВА, Кыргыз Эл артисти: “Атамбаевге таза шайлоо системасын орнотуп бергени үчүн...

Гүлсүн МАМАШЕВА, Кыргыз Эл артисти: “Атамбаевге таза шайлоо системасын орнотуп бергени үчүн рахмат айтышыбыз керек”

496

              hqdefault

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Сооронбай Жээнбеков президент болуш шайланды. Бул добуш берүү тынч, таза өткөнү белгиленүүдө. Жалпы болуп өткөн шайлоо боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Президенттик шайлоо абдан жакшы, таза өттү. Добуш берүү акыйкат өткөнү үчүн да эч кандай митингдер болгон жок. Эл, жалпы журчулук таза шайлоо болгонуна толугу менен ынанды. Ошол эле жеңилип калган талапкерлер утулганын моюнга алды. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген байкоочулар да ушундай пикирлерин билдирди. Демек, таза шайлоого жеттик.

Акаев менен Бакиев доорунда шайлоолордон кийин сөзсүз митингдер уланчу. Азыркы системанын кириши, шайлоо жыйынтыгына элдин ынанышы бийликтин жетишкен ийгилиги десек болобу? imitation cialis 800 number.

Биз президентибиз Алмазбек Атамбаевге таза шайлоо системасын орнотуп бергени үчүн рахмат айтышыбыз керек. Бул чоң тарых болуп калды. Ошол эле чет элден келген байкоочулар дүйнөдө мындай технология колдонулган эмес деп таң калууда. Эми таза шайлоо гана өткөрбөй 6 жылдык туруктуулук үчүн добуш бердик. Жаңы шайланган президент өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап, Атамбаевдин баштаган иштерин улантат деп ишенип турабыз.