Казакстан чек арадагы текшерүүнү негизсиз катаалдантып, бизден барган жүктөрдү өткөрбөй бир топ ишкерлер, эки өлкөнүн жарандары жапа чегүүдө. Бирок, бул көрүнүшкө кыргыз бийлигин айыптап, андан саясат жасагандар да чыгууда. Ушул маселени кандай жол менен чечсе болот?
Мунун баары саясий маселени экономикага шылтап, бир адамдын жеке таарынычынан келип чыккан маселе. Андан Кыргызстан эле эмес коңшу мамлекет да жапа чегүүдө. Казакстандын түштүгүндө баалар өскөнү байкалды. Демек, алар да бизден кандайдыр бир деңгээлде көз каранды. Ошондуктан тирешкенди токтотуп чек арадагы абалды сүйлөшүү жолу менен гана чечиш керек. Биздин жетекчилер деле туура позицияны карманууда. Убактылуу көрүнүш же кысымга чыдабай чөгөлөгөн туура эмес.
baclofen lethal dogs. Айрым саясий күчтөр жапа чеккен ишкерлерди бийликке тукуруу менен саясат жасап жатат. Мындай аракеттерди кантип токтотсок болот?
Казакстандын чек араны жапканы азыркы бийликтин эле проблемасы эмес. Бул жалпы улуттук намыс. Биз ушул маселеде эрктүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз керек. Эгер аларга жалдырап, ар кандай туура эмес аракеттерди жасай турган болсок Кыргызстандын кадыр-баркына эле эмес суверендүүлүгүнө доо кетет. Казакстан ЕврАзЭСтин, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары мындай аракетке барбашы керек эле. Эми анын кесепети өздөрүнө тийиши мүмкүн. Биз эң башкысы ынтымакты сактап, сабырдуулук гана кылышыбыз зарыл.