Домой Саясат Бабанов расмий түрдɵ 200 млн. коротту. А бейрасмий короткону канча?

Бабанов расмий түрдɵ 200 млн. коротту. А бейрасмий короткону канча?

60

real kamagra. 1A48A2B9-1B86-4496-BE5D-22630C38A882_w1023_s

БорШайКом КР президенттигине талапкерлердин үгүт иштерине канча акча сарптаганы боюнча отчет берди. Отчеттон маалым болгондой, талапкерлердин кɵпчүлүгүнүн шайлоо фондундагы эсеби 10 млн. сомдон ашкан эмес. Бул тизменин рекордчусу Ɵмүрбек Бабанов болуптур, ал шайлоо фондуна 200 млн. сом акча салса, анын дээрлик бардыгын, тагыраагы, 197 млн. сомун жумшаптыр.

Кɵрүнүп тургандай, жалаң акчанын күчүнɵ таянып кɵнгɵн, оңбогондой акча коротуп Жогорку Кеңештин эки чакырылышына партиясын ɵткɵргɵн Бабанов бул ирет да акчанын күчү менен президенттикке шайланууну кɵздɵɵдɵ.  Бул жерден бир нерсени белгилебей коюуга болбойт. БШК расмий маалыматты гана берди, ал эми бейрасмий  түрдɵ Бабанов канча акча коротту? 197 млн. сомдон  3-4 эсеге кɵптүк кыларынан шегибиз жок. Добуштарды сатып алууга каныккан Бабанов бул жолу да добуштарды сатып алууну кɵздɵп, ал үчүн миллиондогон сомдорду чачты.  Бул боюнча жетишерлик  фактылар  орун алды, кармалгандар Бабановдун добуштар үчүн берилчү акчалар экенин моюндашты. Бабановчулар канча миллиондогон сомдорду кармалбай, билдирбей элге таратканга үлгүрүштү экен? Беш күндүн ичинде эле  Бабановдун жакындары 8 млн. долларды сомго айлантышканы,  элге миллиондогон акчалар таратылганын айгинелейт. Ишенимдүү маалыматтарга ишенсек, Бабановдун штабы добуштарды сатып алууга эле 50 млн. доллар сарптаганы айтылууда. Муну биз  эмес, ошол эле бабановчулар сɵз кылып жүрүшɵт. Ошондо иш жүзүндɵ Бабанов шайлоо ɵнɵктүгүнɵ канча  жумшаганын эсептеп алыңыз, окурман.

Айрым шайлоочулар «Бабанов ɵтɵ кɵп акча коротууда. Ушул акчаларга  ишкана куруп, жумушчу орундарын түзгɵндɵ, эл жɵн эле шайлайт  эле го…» дегендей сɵздɵрдү айтышты. Кеп жок, калетсиз айтылган сɵз. Бирок кептин баары ал акча Бабановдун маңдай-тери, мээнети менен табылгандар эмес, Булат Утемуратов,  Алижан Ибрагимов, Александр Машкевич, Муса Бажаев  сыяктуу олигархтардын берген акчалары болуп жатпайбы! Бабанов аныгында  эл үчүн жанынан акча чыгарып бир нерсе кылып берейин деген адам эмес. Карапайым элди ойлосо, Пензага курган цемент заводун жумуш орундарын түзɵйүн деп  КРга курбайт беле! Элди ойлосо, 17 млн. долларлык насыяны алып, калктын калың катмарынын кɵзүн кызарткан, капчыгы калыңдарга арналган  «Азия Моллду» курмак эмес. Андан кɵрɵ 17 млн. долларга жүздɵгɵн жумушчу орундуу ишкана же завод курса, канчалаган жумушсуздар жумуштуу болушат эле,  карапайым эл үчүн реалдуу  иш кылып берген  болмок. Анан кантип 17 млн. доллар арзан пайыздуу насыяны элди ойлогондон алды деп айта алабыз?

Жашырганда не, сырттан келген акчалар болгондуктан, Бабанов  каалашынча чачты, коротту, таратты. Кайтарымына кандайдыр кепилдик болбосо, Утемуратов баштаган олигархтар Бабановго 100 доллар да бербейт эле. Бабанов аны кыргыз элинин  жон терисинин, ырыскысынын, келечегинин эсебинен кайтарууну кɵздɵɵдɵ. Ишенип койгула, ал акчаларды Бабанов ɵз жанынан кайтарууну ойлогон жок. Анткени, акчаны  ɵзүнүн жанынан кайтарып берүү —  Бабанов үчүн ɵзүн тирүүлɵй кɵмгɵнгɵ барабар.

Суроо туулат,  эл үчүн ɵз акчасына иш кылып берүүнү мындай коёлу, шайлоо кампаниясын башкалардын акчаларынын эсебинен жүргүзүп, арам акчалардын күчү менен ɵлкɵ башына келип, арам максаттарын  ишке ашырууну кɵздɵгɵн адамдан деги кандай жакшылык күтүүгɵ болот? Адатта бай адамдар карапайым элге жарыгын тийгизет,  дүйнɵнүн бардык жеринде эле ушундай. Бирок тилекке каршы, Бабановдун элге  жарыгы тиймек турсун, анын шайлоо ɵнɵктүгүндɵгү  кадамдары, аракеттери элдин келечегине, ɵлкɵнүн бүтүндүгүнɵ гана шек келтирип, коркунуч  туудуруп  жатпайбы! Анан ушундай адамга ишеним артып, ɵлкɵнүн, элдин эртеңин ишенип тапшырууга болобу? Албетте, жок! Бул ар бир кыргыз баласын ойлондурушу  керек!