Домой Саясат Бабановдун рейдерлик жол менен тартып алган башка мүлктөрү да мамлекетке кайтарылышы керек

Бабановдун рейдерлик жол менен тартып алган башка мүлктөрү да мамлекетке кайтарылышы керек

80
epa06268752 Omurbek Babanov, opposition presidential candidate speaks at a news conference in Bishkek, Kyrgyzstan, 16 October 2017. According to Kyrgyz Central Election Commission (CEC), preliminary results of Kyrgyz presidential elections shows that leader of the Social Democratic Party of Kyrgyzstan (SDPK) Sooronbai Jeenbekov won the elections with more than 54 percent of the votes. Omurbek Babanov gained 34 percent of the votes EPA-EFE/IGOR KOVALENKO

epa06268752 Omurbek Babanov, opposition presidential candidate speaks at a news conference in Bishkek, Kyrgyzstan, 16 October 2017. According to Kyrgyz Central Election Commission (CEC), preliminary results of Kyrgyz presidential elections shows that leader of the Social Democratic Party of Kyrgyzstan (SDPK) Sooronbai Jeenbekov won the elections with more than 54 percent of the votes. Omurbek Babanov gained 34 percent of the votes  EPA-EFE/IGOR KOVALENKO

 

2010-жылга чейин Максим Бакиевге кызмат кылып, канкор Бакиевдердин арыгын чаап келген НТС каналы Роза Отунбаеванын жардамы менен Өмүрбек Бабановго мыйзамсыз өтүп кеткени буга чейин далай жолу айтылган. Аталган каналды Бабанов 7 жылдан бери пайдаланып, андан киреше таап келген.

19-декабрда болсо сот аткаруучулар аталган телеканалдын имаратына барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылган. Сот департаменти кабарлагандай,  НТС телеканалына барган сот аткаруучулардын аракети «Grexton capital LTD» компаниясынын доо арызы боюнча чечимди аткарууга байланыштуу. “НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу — аны сактап калуу аракети. Бул аны башка бирөөлөр пайдаланып кетүүсүнөн сактайт. Сот аткаруучулар телеканалдагы мүлктөрдү каттап, аны жоопкерчилик менен башкарып кете ала турган тарапка ишенип, өткөрүп берүү үчүн барышкан. Белгилеп кетчү нерсе — бул НТС телеканалын рейдерлик жол менен басып алууга, тартып алууга жатпайт”, — деп айтылат аталган маалыматта. generic levitra 60 mg.

Бул окуя боюнча чет элде “ооруп жаткан” Бабанов атайын кайрылуу жасап жибериптир. Акаев жана Бакиевдин эрке талтаң балдары менен дос болуп жалаң рейдерлик менен байлык топтогон Өмүрбек Токтогуловичтин башка мүлктөрү да мамлекетке өтүшү керек. Ошол эле мурдагы “Азамат”, азыркы РИОМ унаа базарын да баскынчылык жол менен басып алган Бабанов, АКБ Кыргызстан банкын да коомдук ишмер Шарипа Садыбакасовадан тартып алган. Ал эми жеке ишкер Валерий Хондун күйүүчү май сактоочу кампасын кантип басып алганын элдин баары билет.

Канткен күндө да, мамлекетте мыйзам иштеши керек. Анын үстүнө Бабанов президенттик шайлоо астында улут аралык маселени көтөрүп, кыргыз менен өзбекти аз жерден чабыштырып жибере жаздаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Өмүрбек мырза болсо “оорудум” деген шылтоо менен чет элде качып жүрөт. Эгер ошондой эле кыйын болсо Кыргызстанга келип жооп берсин. Ал эми баскынчылык жол менен тартып алган мүлктөрү тез арада мамлекетке кайтарылышы керек.