Домой Маек Нурлан Мирзаматов: “ЖинМэн” тасмасы – сыйкырдуу комедия

Нурлан Мирзаматов: “ЖинМэн” тасмасы – сыйкырдуу комедия

145

ЖинМэн

— Нурлан мырза, “ЖинМэн”  тасмасы кайсы жанрга кирет?

— «ЖинМэн» комедия жана фантастика жанрына кирет, мындайча айтканда — сыйкырдуу комедия.

— Эмне себептен азыркы кинолордо профессионал актөрлорду эмес, билими жок актөр же актрисаларды учуратып келебиз?

— Балким, коммерциялык жагынан пайдасы бар деп профессионал эмес, атактуулугуна басым жасалып жаткандыр. Менин оюмча, бул убактылуу эле көрүнүш. Анткени, профессионалдар менен иштешүү абдан жеңил жана долбоорго пайдалуу.

— Бала чактан режиссөрлук дараметиңиз барбы?

— Дараметиме киносынчылар жана көрүүчүлөр баа берээр. Бирок, бала чактан эле кино көрүүнү сүйчүмүн.

— Тасмалар элге сиңимдүү болушу үчүн бизге кино сынчылар керек деп эсептейсизби?

— Эсептейм. Киносынчылар тасмалардын элге сиңимдүү болушу менен бирге тасмалардын жалпы сапатын жогорулатуусунда таасири бар деп ойлойм.

— Дагы кандай идея, тема сизди кызыктырат, ким тууралуу тасма тарткыңыз келет?

— Азыркы учурда адилеттүүлүк темасы кызыктырат, бирок өтө оор түрдө (курч драма) эмес, мыскыл жана комедия түрүндө бергим келет.

Собол узаткан Төлөбүбү Касымалиева