Кинематография Департаменти жана “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция “Тайлак баатыр” толук метраждуу көркөм фильминин сценарийине сынак жарыялашты. Сынакты өткөрүүнүн жана ага арыздарды кабыл алуунун биринчи этабы 10-марттан 30-апрелге чейин болот.
Сынактын экинчи этабы – кинематография Департаментинин көркөм кеңешинин жыйыны жана сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2016-жылдын 10-майында болмокчу. Сынакка катышууну каалагандар материалдарын көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жиберүүлөрү керек. Жеңүүчүнү кинематография Департаментинин КРнын тарыхчылардан, сценаристтерден, маданий ишмерлеринен турган жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан бекитилген атайын түзүлгөн көркөм кеңеш аныктайт.