Кыргызстандык кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” көркөм тасмасы Кыргызстанда биринчи болуп Орусиянын эң абройлуу “Ника” киносыйлыгынын “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясын жеңип алды. Бул сыйлыкка татыктуу кинону жалпысынан 600дөн ашуун дасыккан киночулар тандашат. Аталган тасмада элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн башынан өткөргөн окуясы баяндалат. Сыйлык тапшыруу аземи 1-апрелде Москвада болуп өттү. Акчанын жоктугунан улам тапшыруу аземине режиссөр өзү бара албай калган. Белгилүү болгондой “Ника” сыйлыгына Кыргызстандан тышкары Эстония, Грузия, Украина жана Литва мамлекеттеринен кинотасмалар катышып келет. Буга чейин Темир Бирназаровдун “Кумар” киносу номинант болгон. Мындан тышкары, жаш режиссёр Элнура Осмоналиеванын “Сейде” кыскаметраждуу тасмасы “Оскардан” кийинки эле атактуу Канн кинофестивалына катыша турган болду. Ийгилик каалайбыз.