Зияш Турдубек уулу тарткан “Чүкө баатыр” тасмасы өзү айткандай, кыргыз киносундагы жаңылык болмокчу.
-Зияш, режиссёрлук боюнча билимиң барбы? Бул кесипке кандайча кызыгып калдың?
-Чынын айтыш керек, режиссёрлук боюнча билимим жок. Өзүм 1991-жылы Ош облусундагы Ноокат районунда төрөлгөм. Билимим орто. Режиссёрлук боюнча билимди улантуу деле ойдо жок, себеби жашым 25ке келип калды, окуйм деп жүрүп алсам дагы далай убактым кетчүдөй. Анын үстүнө азыр техника аябай алдыга кетпедиби. Кино тартуудагы устатым деп өзүмдүн агам, каскадер, актёр жана режиссёр, “Мурас сыры” сыяктуу мыкты тасманы тарткан Адилет Акматовду эсептеймин.
— “Чүкө баатыр” аттуу комедия-экшн тартыпсың. Бул идея кайдан, кантип жаралды?
-“Чүкө баатыр” Бишкек шаарындагы алгачкы супер-баатыр болмокчу. Биздин жаш муундун ою боюнча баатырлар булар Америка кинолорундагы Америка капитаны, Темир киши, Жөргөмүш киши, Росомаха. Булар жашоодо жок, ойлоп табылган баатырлар. А бизде, кыргыздарда чыныгы баатырлар жашоодо жашап өтүшкөн. Мен деле ошол Америка кинолоруна таасирленип чоңойгон баламын. Ошентип ойлонуп отуруп эмне үчүн биздин жаштар өзүбүздүн баатырларды билбейт деген ойго келдим. Бирок, антиш үчүн да көп каражат кетет экен. Мисалы, Барсбек баатырды тасмага түшүрүш үчүн оңбогондой көп акча сарпталат. Анан ойлонуп отуруп, биз дагы ойдон чыгарылган, бирок өзүбүздүн Бишкек шаарындагы кыргыз баатыры тууралуу тасма тартууну чечтик. Өзүңөр билгендей, кандай тасма болбосун, анда эки каарман болот. Бири оң, бири терс каарман. Ошол эки эле каарман тасманын кызыктуулугун арттырып, өзөгүн кармап турат. Жөргөмүш киши бир жерде кырсык болсо, колунан жип чыгарып, анын жардамы менен учуп барат. А бизде Бишкекте ошондой окуя болчу болсо, биздин баатыр кантип барат? Маршрутка же такси менен барабы? Айтор, биздин тасма жаш муун үчүн абдан кызыктуу жаңылык болорунан шегим жок. Эч кандай компьютердик графика деле жок.
-Бул кызыктуу тасмада ролдорду кимдер аткарышты?
-Биздин кино комедия-экшн болгондуктан улуу муундагы актёр агаларыбызды тарткан жокпуз. Көбүнчө жаш актёрлор, анын ичинде Тамашоунун жигиттери, “Мисс-Кыргызстан” болгон Таттыбүбү Самидин кызы бар. Башкы каарманды өзүм ойнодум. Биз бул киного атайын демөөрчү деле издеген жокпуз. Өз каражатыбызга эле тартылды. Эң башкы кыйынчылык албетте, ушул каражат жагынан болду. Эгерде тарткан кинобуз көрүүчүлөр тарабынан жакшы баага ээ болсо, мындан ары да ушул теманы тереңдетип тарталы деген оюбуз бар.
Назгүл Осмонова