Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров 2007- жылдан тартып өзүнүн жеке мастер классын өткөрүп келет. Бул жылы Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө 17-апрелден 23-апрелге чейин 10-юбилейлик мастер классы болгону турат.
Азыркы учурда каттоо жүрүп жатат. 9 жылдан бери мастер класстан өткөн окуучулардын колунан 266 окуучулук, 128 кыска метраждуу, 40 толук метраждуу кино фильмдер тартылды. Бул да өзүнчө чоң ийгилик, чоң жетишкендик эмеспи. Көптөгөн окуучулар кино чөйрөсүнөн өздөрүнүн ордуларын табышты.
Мастер-класстын максаты жана багыты:
Максаты: кыргызстандын таланттуу жаш муундарын кино чөйрөсүнө аралаштырып аны вирустук орууга айлантып кино чөйрөсүнүн массалык-мүнөздөмөсүн түзүү менен бирге, аны жүгүзүү.
Багыты: мастер класстын катышуучуларын киноискусство менен кененирээк тааныштырып ага тажрыйбалуу режиссёрдун жардамы менен өзүнүн жеке 2 мүнөттүк фильминин съемкасын бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү.
Анда эмесе замандаш, КИНОСТАНГА кош келиңиз!
Кененирээк малыматты 0705142272 номерине байланышып билсеңиздер болот.
Төмөндө Абдыжапаровдун буга чейинки болуп өткөн мастер-класстарынын бирин тасмадан көрүңздөр: