Түстүү журналдардагы сулуу бийкечтердей сымбаттуу болуш үчүн кыз-келиндерибиз эмнелерге гана барышпайт. Спортзалдагы машыгуулар, жан кыйнаган диета… Ошентсе да алардын баары эле жакшы жыйынтыгын бере бербейт. Ашыкча салмактан арылуу оңой эмес. Япон окумуштууларынын жаңылыгы бардыгыбызды кубантары анык. Алар арыктоо үчүн көз айнек ойлоп табышты. Бул көз айнек алдыңызда турган жөнөкөй диетикалык тамакты шилекейди агызган таттууга айлантып көрсөтөт. Атүгүл жыты менен тышкы көрүнүшүн да таттуу пирожныйга окшоштурат экен. Атайын компьютердик программа менен жабдылган кереметтүү көз айнек бизге да батыраак жетишинен үмүт кыла туралы. Бул укмуштуу гаджетти ойлоп тапкан Токио университетинин профессору Мичитаки Хироши ага дагы бир функция кошуптур: бул көз айнек тамактын көлөмүн чоңойтуп көрсөтөт.