Домой Тагдыр Айна Калчаева: Тергөөчүлөрдүн текеберчилиги жаныма батты

Айна Калчаева: Тергөөчүлөрдүн текеберчилиги жаныма батты

353

фуражка, тергөөчү

Элибизде “күйгөн аял кошокчу” деген кеп бар. Эмне үчүн күйгөн аял кошокчу болорун жашым 70ке таяп калганда терең түшүндүм. Бир жарым жылдан бери чындыкты издеп чыркырап келе жатам. Бул да болсо куураган куу турмуштун айынан болду. 2015-жылы, 29-июнда Каракол шаарындагы Ленин көчөсүндөгү “Люкс-1” күрөөканасына неберемдин компьютерин күрөөгө коюп 2 миң 500 сом алгам.  Бир айдан соң 1000 сом, андан кийин калган 2 миң 500 сомду үстөгү менен төлөп  компьютеримди алып кеткем. “Итке темирдин эмне кереги бар” дегендей, ушул жашымда мага компьютердин кандай зарылчылыгы болмок эле. Неберемдин компьютерин алмаштырып бергенин кайдан билем, бирок мен алып барган компьютер эмес го деп ойлоп койгом. Чындыгында эле алмаштырып беришиптир.

Мен күрөөкананын ээси Мусалимов Курманга, анын күрөөканасында иштегендерге компьютердин алмаштырылып калгандыгын айтсам алар эч мойнобой коюшту. “Кайдагы кемпир” эле дегендей кыр көрсөтүштү. “Балким мен жаңылышып жүрбөйүн” деп неберемдин компьютерин иштетип берген Насбек Өсөрбеков деген жигитке кайрылдым. Ал дароо эле, “бул башка компьютер, дисководу үстү жагында болчу, мунуку ортосунда экен”,-деп дароо тааныды. Мына ошондон бери бир бутум К.Мусалимовдун күрөөканасында, бир бутум шаардык ички иштер бөлүмүндө “арызчыл кемпир” атка конуп жүрөм.

“Мейли, Кудайга койдум, алтын башыбыз аман болсунчу, компьютер эмне болуп калыптыр” — деп койсом деле болмок. Бирок, мага окшогон колунда жок карапайым адамдардын укуктарынын көз көрүнөө тебеленип жаткандыгы жанымды кейитти. Айрыкча, шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн  “башка иштерибиз да чачтан көп, болбогон компьютерди ызы-чууга айлантасызбы” дегендей орой мамилелери жанымды жаман кейитти. “Пулуң болсо-кулуңмун” деген заман анык келген окшойт. К.Мусалимовдун колунда бар, акчасы толтура, тергөөчүлөр анын сөзүн сүйлбөгөндө менин сөзүмдү сүйлөшмөк беле. “Сиздин ишиңизди карап чыктык, кылмыштын курамы жок. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28 ст.16-беренесинин 2-пункту менен кылмыш ишин козгоодон баш тарттык. Бул чечимге нааразы болсоңуз Каракол шаардык прокуратурага кайрылыңыз” деген тергөөчү А.Ж.Үчкемпировдун жообун 3-январда алдым. Мына ушундай эле мазмундагы жооп 27-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары Р.Бердибаевден да келди.

К.Мусалимовдун мага жалган жалаа жапкандыгы, компьютеримди алмаштыргандыгы кылмышка жатпайбы? Конституциялык укугумду коргоп берүүгө чабалдык, жүр-нары мамиле кылышкан тартип коргоо органдарынан эмне жакшылыкты күтсөк болот? Баарынан да арызымды айлап кармап жүрүп акыры иттен чыгарган жооп беришти. Мыйзам боюнча кандай арыз болсо да 14 күндүн ичинде жооп берүүгө укук, тартип коргоо органдарынын жоопкерчилиги эмеспи. Иш жүзүнө келгенде андай эмес экен. Жазган арызымдын мазмунун карап да коюшпаса керек. “Укугумду коргоп беришет” деген  ишениме суу сепкен тергөөчүгө эми кантип ишенем? 2015-жылдын ноябрь айынан бери илгери бирөө “уюм эмес, уй байлаарга жибим жок калды” деп айткандай, неберемдин компьютери колума тие элек. Анын сиздики экендигин аныктап беребиз дешти эле, ошол боюнча тергөөчүнүн кабинетинде турат. Убара менен упурак болуп жүрөм. Облустук жетекчилерге чейин кайрылдым. Мага окшогон канча адамдардын укуктары тебеленип жатат, жемкорлук болсо араанын аябай эле ачты. Ачканы ушул да, “бул кемпирдин колунан эмне келет” дегендей мамиле болду. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегенге ишенбей да баратам. Ошон үчүн мага окшогон байкуштар “кудайга койдум” дешет тура. Баарыбыздын үстүбүздөн караган улуу күчтүн-Жараткандын калыс таразасынын ташы мага да оодарыларынан үмүтүмдү үзбөй турайын деген ниетте ушул кошогумду сиздерге жөнөттүм.

Гезит бетине жарыяланып калса, мени топ таштай тоголоткондордун, көз көрүнөө адамдык укугумду тебелегендердин жүздөрү кызарар. Ай ким билет?!..

Айна КАЛЧАЕВА,
Каракол шаарынын тургуну, “Апрель баатыры”