— Эрнест мырза, 3-апрелде өтө турган концертиңиз тууралуу айтып берсеңиз?
— Быйыл 55 жашка чыктым. Туура он жыл мурун биринчи жолу сахнага ырдап чыгыптырмын. 3-апрелде менин сахнага ырдап чыкканымдын он жылдыгы болуп жатат. Улуттук консерваториядан “вокал” боюнча билим алып жаткам, буйруса аны да быйыл бүтөм. Негизи эле сахнага чыгып артист болгонума 45 жыл болуптур. Чыгармачылыгым музыкадан башталган.
— Концерт кандай жанрда өтөт? Буга чейин канча ырга обон чыгардыңыз? Өзүңүз да ыр жазып жүрсөңүз керек?
— Өзүмдүн чыгармаларымды өзүм аткарам. Репертуарымда бир топ жаңылануулар болду, бир топ аспаптарда өзүм ойнойм, ошондой эле көбүнчө ырларым гитара менен чертилет. Домбра, аккордеон, барабан менен… Мага жаккан ички дүйнөмдөгү өзүмдүн ырларымды күйөрмандарыма тартуулайм. Буга чейин жаңылбасам, жүздөн ашык ырга обон чыгардым. Бир жылда экиден обон (композиция деп коёлу) чыгарам. Кинодон колум бошобойт. Ара-чолодо аранжировка кылып коём. Гүлнур Сатылганова «Нандын жыты», Сайра Момунбаева «Кыш», андан башка «Жол», «Саратан», «Боз салкындагы» «Апаңдын тилин алып үйдөн чыкпай калдыңбы?», «Селкинчек» ж.б. көп ырларымды ырчылар ырдап жүрүшөт. Өзүм поэзиянын талаптарына жооп бергидей терең ырларды жазбайм. Музыканын ыргагына жараша кээде сөздөр чыгып кетет. Ырдала элек көмүскөдө жаткан ырлар толтура, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев ж.б. ырларына обон чыгаргам.
— Буга чейин да бир нече жолу концерт койгонсуз да…
— Бул менин 5-концертим десем болот. 3 концертимен банкрот болдум. 4-концертимде 1000 сом пайда тапкам. Бул жолу Маданият министрлигинен баштап, тиешелүү жерлерден жардам сурап кайрылдым. Ошентип, филармониянын ижарасын ж.б маселелерди чечтим. Менин концертимде билет сатылбайт, кирүү акысыз. Көпчүлүгү чакыруу баракчасы менен киришет.
— Эми кино маселесине кайрылалы. “Шабдан баатырдын” тагдыры эмне болду?
— “Шабдан баатыр” азыр токтоп турат. Шарт ошондой болуп аткан окшойт. Аны баштабаганда “Саякбай” тартылбай калмак экен. Жараткан Саякбайдан башта деп аткан окшойт. “Шабдан баатыр” тасмасынын сценарийи жалпысынан 13 жолу оңдолду. Анын алтоо коомчулукта талкууланды. Бул киного 3 тарыхый консультант бекитилген болчу, алар дагы жогорку баа беришти. Актёрлорду бекитип, кийим тигилип, декорация башталганга келгенде иш токтоп калды. Жалпы бюджети 80 млн. болсо, анын 20 млн. сомун которуп берген. Он миллион сом сарпталып, он миллион сому сарптала элек болчу. Бул долбоорду жылдырыш үчүн көп эмгек короттум, өзүмдүн жумушумду токтоттум. Ошонун жыйынтыгы жакшы-жаман сөздөр менен коштолду. Ичим ооругандай сезим болуп, эмгегим бааланбай калды. Азыр толугу менен “Саякбайга” киришип жатам. Сценарийи бекиди, жалпы киночулардын алдынан бир сыйра өттүм. Апрелде даярдана баштайбыз. Аппаратура да чечиле баштайт. Сьемка жайда башталат. Буйруса, эмдиги жылы жазга жуук “Саякбай” киносу тартылып бүтөт.
— “Саякбай” фондунун төрагасы 100 миллион сом бөлгөнү чынбы?
— Фонддун төрагасы Самат Ибраев бул кинону 100 миллион сомго чейин каржылайбыз деген. Дүйнөлүк стандарттын баарын колдонолу деп жатабыз. Биринчи багыты – “Манас”, манасчылыкты дүйнө жүзүнө таанытуу. Ошол жерден ийгиликтүү болуп кетсе жакшы. Фестивалдарга да алып чыгуу ниетибиз бар. Кино Ысык-Көлдүн тегерегинде тартылат.
— Тарыхый тасманы тартыш сизге оор эмеспи?
— Темасы мага жакыныраак. Мен “Манастан” баштагам. Манас үч жолу түшүмө кирген. Бул долбоорду баштаганда Саякбай түшүмө кирди. Кудай буюрса, баары жакшы болот деп турабыз. Кандай тасма тартпа, оорчулугу сөзсүз болот. Кичинекей ролик тартып атсаң да оор нерсе да, кантип элге уят болбой чыгарасың деген жоопкерчилик, кооптонуу болбой койбойт.
— “Такси жана телефонуңуз” жакындан тарта ТВларда көрсөтүлө баштады, ийгилиги кандай болду?
— Ийгилиги жакшы болду. Мен деген фестивалдын баары чакырды. Орустун “Левиафан” сыяктуу тасмасы менен ат салышты.
— Дагы бир жаңылык, жакында кино боюнча мастер-классыңыз башталат турбайбы. Деги эле 2008-жылдан бери канча шакирт тарбияладыңыз?
— Шакирттеримди чыны санай алган жокмун. Бирок, 200дөн ашуун 2 мүнөттүк кино тартылды. Демек, 200дөн ашык шакирт тарбияладым го. 150дөн ашуун кыска метраждуу, 45ке жакын толук метраждуу кино тартылды. Нуржамал, Дамир деген кыз Каннга барып жатат. Элнура алгач менден окуду, анан Америкадан да билим алды.
— Кызыңыз да, уулуңуз да сиздин жолду жолдоп жүрүшөт. Санжар кандай ийгиликтерди жаратып жатат?
— Уулум Санжар толук метраждуу 3 кино тартты. Операторлук жагынан да өзүн көрсөтө алды. Тубаса өнөрү бар. Эми ошону мындан ары да өркүндөтсө дейм. Кызым да, келиним да кино чөйрөсүнө аралашып, аракет кылып жүрүшөт.
— Сиз Жумгалда өсүп, шаарда көп жашадыңыз. Бирок, акыркы жылдары Көлгө көчүп кеткениңизге эмне себеп болду?
— Көпкөндүк эмес, таза прагматикалык чечим болду. Кыргыз киносунун 80 пайызы Көлдө, Тоң районунда тартылат. Көптөн бери: “ Тоң районун коруктап койсо, булгап ийбесе, элинин тазалыгын, саяпкерлигин, салбуурунун, манасчылыгын сактап калса” деген далалатым бар. Жумгалды ала турган болсок, касиеттүү жер, укмуш чоң таланттуулардын мекени, дагы да көп таланттар чыгып жатат. Бирок, көп нерсени жоготуп алыптырбыз. Маселен, көп жылдан бери көк бөрү жоголду эле, эми кайра жандана баштады. Дагы бир катар каада-салттар жоголуп баратат. Ал эми Тоңдо кыргызга тиешелүү нерсенин баары сакталып калыптыр десек болот. Кыргыз киносуна дал ошондой нерсе керек. Менин мекеним Кыргызстан, кайсы жерге барбайын жакшы кабыл алышат. Кыргыздын киносунун кереметин түзгөн кинонун көбү Тоңдо тартылыптыр. Өзүм Тоңго көчүп кеттим. Менин барганым эле кичинекей кадам, бул да болсо коомчулукту дүрбөтөт. Мастер-классым болот, балдарды үйрөтөм. Балким, кийинчерээк ар кандай ийримдерди ачам. Ошол жерден жалпы эле кинонун, маданияттын казанын кайнаткым келет. Эми мен мындан ары кинонун баарын ошол жактан тартам.
Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева