2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын (МБК) имаратында бажы органдарынын 2022-жылдын 4-кварталы жана жалпысынан 2022-жылы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.
Коллегиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э.У.Убалиев, Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы А.Т.Кочкоров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын Бажы кызматындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Курков И.А. жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматындагы Казакстан Республикасынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн башчысы К.Ж.Рахимов жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
— 2022-жылдын 4-кварталы жана жалпы 2022-жыл үчүн бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2023-жылдын 1 –кварталына бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө;
— 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо ишмердигинин жыйынтыктары жана МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн 2023-жылга тапшырмалары жөнүндө Оперативдик кеңешмесинин жыйынтыктары;
— 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча МБКнын аткаруучулук тартибинин абалы жөнүндө;
Биринчи маселени кароонун алкагында 2022-жылдын январь-декабрында Мамлекеттик бажы кызматы 74,3 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаганы айтылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тапшырмалар 100,8%га же 604,9 млн сомго көп аткарылган.
Алардын ичинен:
— алымсыз бажы төлөмдөрү — 58,1 млрд сом, бул бекитилген болжолдук көрсөткүчтөрдүн 100,6%ын түздү же (+) 362,2 млн сомго көп чогултулду;
— ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым – 16,2 млрд сом, бул болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 101,5%ын түздү же (+) 242,7 млн сомго көп чогултулду.
2021-жылга салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 27,4 млрд сомго көбөйдү, ө.т. 158,5%.
Алардын ичинен:
— алымсыз бажы төлөмдөрү – 33,3 млрд сомго көбөйдү, ө.т. 234,0%;
— ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым — 5,8 млрд сомго азайды, ө.т. 73,6%.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бажы кызматынын ишмердүүлүгүндөгү оң жыйынтыктарды белгиледи. Бажы кызматы 2022-жылы бир топ иштерди аткарды, коюлган милдеттер аткарылды. Акыркы 10 жылда бажы төлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү 50 миллиард сомго да жеткен эмес, бажы кызматы 2022-жылы биринчи жолу 74,3 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Муну менен мактанууга болот жана керек, деп белгиледи Акылбек Жапаров. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча бажы кызматынын ишин жогору баалады.
Коллегиянын жыйынында контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш маселеси да каралды. Баяндамада 2022-жылдын 12 айында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу чөйрөсүндө 3802 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 488 миллион сомду түзгөнү белгилүү болду. 2021-жылга карата өсүү темпи 381,2%га өскөн. Бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 345,8 млн сомго көбөйдү. Эгерде 2021-жылы кошумча түшүүлөрдүн көлөмү 243,5 миллион сом болсо, үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 589,4 миллион сомду түзгөн.
Үчүнчү суроо боюнча, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын аткаруу тартибинин көрсөткүчтөрү келип түшкөн документтердин 100% аткарылышы (анын ичинен документтердин жалпы санынын 98% өз мөөнөтүндө аткарылган) 2% мөөнөттөрдү бузуу менен аткалгандыгы белгиленди. Бул көрсөткүчтөр боюнча МБКнын 2022-жылга карата аткаруу тартиби жалпысынан канааттандырарлык деп бааланды.
Коллегиянын ишинин жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигине 2023-жылы 94,6 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн камсыз кылуу милдетин койду. Акылбек Жапаров ошондой эле санариптик бажы системасын түзүүнү, муну менен бажы процедураларынын бардык этаптарында ачык-айкындуулукту камсыз кылууну, эл аралык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жакшыртууну жана импорт менен экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды. Бул аракеттердин баары 2023-жылга белгиленген планды ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча МБКнын жетекчилиги бир катар тиешелүү тапшырмаларды берди. Бажы кызматынын 2022-жылдын 4-кварталындагы жана 12 айындагы ишмердүүлүгүнө оң баа берилди.