Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 8-февралда Хатай аймагына барган учурда жер титирөөнүн кесепетинен 9057 адам каза болгонун билдирди. Анын маалыматы боюнча, 52 миң 979 адам жаракат алып, 6444 имарат талкаланган.
Президент 10 провинция жаратылыш кырсыгынан жабыркаганын айтты. Президент Хатайга чейин жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш аймагына барган.
Түркияда 12-февралга чейин аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жер титирөөдөн жабыркаган 10 провинцияга 3 айга өзгөчө абал режими киргизилген.
Жер титирөөдөн Сириянын түндүгү да жабыркады. Бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, урандылардын алдында 1262 адам көз жумуп, 2,3 миңдей адам жаракат алды. Ал эми Сириянын өкмөттүк эмес жарандык коргонуу уюмунун маалыматы боюнча, 1400 адам каза болуп, 2,7 миңдей адам жаракат алды, деп билдирди «Al Jazeera».